Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО «Кыргыз Республикасынын жарандарына өздүк күбөлүктөрдү берүүнүн убактылуу жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө» Токтому
Бишкек шаары
2010-жылдын 23-июну УӨ №99
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын жарандарына өздүк күбөлүктөрдү
берүүнүн убактылуу жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасында референ-
думга (бүткүл элдик добуш берүүгө) катышуу үчүн өздүк күбөлүктөр менен
өз учурунда камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өк-
мөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып, Кыр-
гыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо
кызматы Кыргыз Республикасында референдумга (бүткүл элдик добуш
берүүгө) катышуу үчүн акысыз негизде жана жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыр-
гыз Республикасынын жарандарына өздүк күбөлүктөрдү берүүнү камсыз кыл-
сын.
2. Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн жөнөкөйлөтүл-
гөн тартипте берүү төмөнкү документтер болгондо жүргүзүлсүн:
- документинин жоктугунун объективдүү себептерин көрсөтүү менен
арызы;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын гербдүү мөөрү менен
күбөлөндүрүлгөн жашаган жеринен маалымкаты;
- Ф-1 формасы:
- 3 х 4 см өлчөмүндөгү түстүү сүрөтү, 2 даана.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1