Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО «2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 „Бир жолку берилүүчү материалдык жардам жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолор киргизүү тууралуу» Токтому
Бишкек шаары
2010-жылдын 7-майы УӨ № 35
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку
берилүүчү материалдык жардам жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомуна
толуктоолор киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:
1. 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку берилүүчү материалдык
жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомуна
төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктта:
төртүнчү жана бешинчи абзацтар "жабыр тарткан жарандарына" деген
сөздөрдөн кийин "соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо"
деген сөздөр менен толукталсын;
пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"ок тийип ден соолугунун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген,
денесинен жењил жаракат алган, 2010-жылдын 6-апрелинен баштап 10-апре-
лине чейинки мезгилде медициналык жардамга кайрылган жана саламаттык
сактоонун стационардык жана амбулатордук уюмдарында дарыланып жаткан
Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына соттук-медициналык
экспертизанын корутундусу болгондо - ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык
10000 (он мињ) сомдон;";
токтом төмөнкү мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик кат-
тоо кызматы паспорту жок жабыр тарткан жарандарга шашылыш тартипте пас-
портторду берүүнү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги-
нин тизмесине ылайык жүргүзсүн.";
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-ап-
релинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында аскер кызматчыларын жана
укук коргоо органдарынын кызматчыларын кошуп алганда Кыргыз Республика-
сынын курман болгон жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жапа чеккен
жарандарына бир жолку берилүүчү материалдык жардамды төлөп берүүнүн
тартибине:
2-пунктта:
үчүнчү жана төртүнчү абзацтар "жапа чеккен жарандарына" деген
сөздөрдөн кийин "соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо"
деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- ок тийип ден соолугунун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген,
денесинен жењил жаракат алган, 2010-жылдын 6-апрелинен баштап 10-апре-
лине чейинки мезгилде медициналык жардамга кайрылган жана саламаттык
сактоонун стационардык жана амбулатордук уюмдарында дарыланып жаткан
Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына соттук-медициналык
экспертизанын корутундусу болгондо - ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык
10000 (он мињ) сомдон;";
7-пунктта:
төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- түп нускасын көрсөтүү менен аскер билетинин көчүрмөсүн, айдоо-
чунун күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты кат-
тоо департаментинин (МКК ККД) паспорттук бөлүмдөрү берген убактылуу
өздүк күбөлүгүн, МКК ККД алдын ала текшергенден кийин;";
төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Узак убакыттан бери белгилүү бир калктуу конуштарда туруктуу жа-
шаган, бирок башка региондордо катталган жабыр тарткан жарандар паспор-
ту жана иш жүзүндө жашаган жеринен справкасы болгондо бир жолку бе-
рилүүчү материалдык жардамды алууга укуктуу.".
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басарына - каржы министрине
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 8-апрелинин №1 "Бир жолку берилуучу матерналдык жардам женунде" ТоктомуПостановление · 08.04.2010 · № 1
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №176 "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.08.2010 · № 176
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 8-апрелинин №1 "Бир жолку берилуучу матерналдык жардам женунде" ТоктомуПостановление · 08.04.2010 · № 1