Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
661-статья. Үй-бүлөгө же жетим балдар мекемелерине тарбиялоого берүүгө муктаж болгон жашы жетпеген балдар же ата-энесинин камкорчулугунан ажыраган балдар тууралу маалыматтарды берүүнүн тартибин же мөөнөттөрүн бузуу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Ата-энесинин камкорчулугунан ажыраган балдар турган мекеменин кызмат адамдары же аткаруу бийлик органдарынын, болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан үй-бүлөгө алууга, камкорчулук кылууга (көзөмөлчүлүккө) же багып алуучу үй-бүлөгө, болбосо жетим балдардын же ата-энесинин камкорчулугунан ажыраган балдардын мекемесине (балдар мекемесине) тарбиялоо үчүн өткөрүп берүүгө муктаж болгон жашы жетпеген балдар тууралу маалыматтарды берүүнүн тартибинин же мөөнөттөрүнүн бузулушу, ошондой эле ушундай жашы жетпеген балдар тууралу алдынала билүү менен такталбаган маалыматтарды берүү, - ондон он бешке чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга алып келет. Ата-энесинин камкорчулугунан ажыраган балдар турган мекеменин кызмат адамдары, же аткаруу бийлик органдарынын, болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан жашы жетпеген баланы үй-бүлөгө тарбиялоо үчүн (асырап алууга) берүүгө, камкорчулук кылууга (көзөмөлчү болууга) (же багып алуучу үй-бүлөгө) же жетим балдар, болбосо ата-энесинин камкорчулугунан ажыраган балдар мекемесине берүүдөн жашырып калуу аракеттеринин жасалышы, - жыйырмадан отузга чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2003-жылдын 9-августундагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-661" title="661-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>