622-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 44-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтомду аткаруу, эгерде айдоочу транспорт каражаттарынын бардык түрлөрүн башкаруу укугунан ажыратылса, айдоочулук ырастаманы алып коюу жолу менен жүргүзүлөт.
Эгерде айдоочу транспорт каражаттарынын бардык түрлөрүн башкаруудан ажыратылбаса, анда айдоочулук ырастамада ал транспорт каражаттарынын кайсы түрлөрүн башкаруу укугунан ажыратылгандыгы белгиленет.
2. Эгерде транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу айдоочулук ырастаманы берүүдөн баш тарткан учурда айдоочулук ырастаманы алып коюу ички иштер органдары тарабынан мажбурлоо тартибинде жүргүзүлөт.
3. Чакан кемелерди башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтомду аткаруу Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо органы тарабынан чакан кемелерди башкаруу укугуна күбөлүктү алып коюу жолу менен жүргүзүлөт.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
622-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-622" title="622-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>