6021-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын жаңы чечимин кабыл алуунун негиздери жана тартиби
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 42-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Эгерде жергиликтүү сот тарабынан соттук акт чыгарылып, бирок материалдык жана процесстик укук ченемдерин колдонууда каталыкка жол берилсе, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча жаңы чечим кабыл алат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгарууга жана администрациялык укук бузуу иши боюнча өндүрүштү кыскартууга;
2) жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгарууга жана жаңы чечим чыгарууга.
Тиешелүү түрдө кабарланган укук бузуучунун же жабырлангандын жүйөлүү себепсиз сот заседаниесине келбей коюшу администрациялык иш боюнча жаңы чечим кабыл алууга тоскоолдук кылбайт. (КР 2004-жылдын 2-августундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6021-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-6021" title="6021-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>