Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
595-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча токтомго даттануунун тартиби
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 42-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2012 года № 142
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча токтом тиешелүү жогору турган органга (кызмат адамына) же райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн, ал эми ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө макул болбогон учурда даттануу түздөн түз сотко берилет. Жогору турган орган (кызмат адамы) тарабынан кабыл алынган администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча токтом райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн. Ушул Кодекстин 508-статьясында каралган караштуулугу тике сотко тиешелүү администрациялык укук бузуулар боюнча кабыл алынган судьянын токтому, ошондой эле ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган учурларда жогору турган органдын (кызмат адамынын) токтому боюнча кабыл алынган судьянын токтому областтык жана ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясына апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген токтому областтык жана ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясына кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Даттануу (көрсөтүү) боюнча үч судьянын курамында кабыл алынган областтык жана ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын чечими аткаруу үчүн үч күндүк мөөнөттө жиберилет. Областтык жана ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын соттук курамы тиешелүү областтык же ага теңештирилген соттун төрагасы тарабынан аныкталат. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына даттануу апелляциялык же кассациялык инстанциядагы сот катары администрациялык ишти караган областтык жана ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясына даттанылышы мүмкүн. (КР 2004-жылдын 2-августундагы №102, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 августа 2004 года № 102 "О внесении изменений и дополнений в кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-595" title="595-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>