58-3-статья. Шайлоо комиссияларынын арызга (даттанууга) жооп бербөөсү же аны кароонун мөөнөтүн бузуусу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Шайлоону даярдоонун жүрүшүндө же болбосо добуш берүү күнү участкалык же аймактык шайлоо комиссияларынын төрагасынын, мүчөлөрүнүн, катчысынын арызга (даттанууга) жооп бербөөсү же аны кароонун мөөнөтүн бузуусу - эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү тарабынан жасалган, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
58-3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-58-3" title="58-3-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>