565-статья. Администрациялык кармоонун мөөнөттөрү
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 39-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 июля 2012 года № 115
565-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 565-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Администрациялык укук бузган адамды администрациялык кармоонун мөөнөтү үч сааттан ашпоого тийиш. Өзгөчө учурларда администрациялык материалды судья же ички иштер органынын тиешелүү кызмат адамы караганга чейин, администрациялык укук бузуу боюнча кошумча жагдайларды тактоо зарыл болгондо же кармалгандын инсандыгын белгилөө зарыл болгондо, администрациялык камоо каралган администрациялык укук бузуулар үчүн кармоо мөөнөтү кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде, бул жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө кабарлоо менен ички иштер органдарынын башчылары же алардын орун басарлары тарабынан 48 саатка чейин узартылышы мүмкүн, мында кармалган адам кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде анын кармалуусунун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилүүсү тийиш. Чек ара режимин же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузган адамдар протокол түзүү үчүн үч саатка чейинки мөөнөткө, ал эми ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган учурларда 48 саатка чейинки мөөнөткө кармалышы мүмкүн, мында кармалган адам кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде анын кармалуусунун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилүүгө тийиш, ошондой эле бул жөнүндө кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде прокурорго жазуу жүзүндө кабарландырылат. Эгерде адам кармалган негиздер жок болуп чыкса, ал токтоосуз бошотулуусу тийиш. Кармалган ар бир адамга кармоонун жүйөөсү жөнүндө кечиктирилбей билдирилүүсү, медициналык кароону жана дарыгердин жардамын кошуп алганда, анын укуктары түшүндүрүлүүсү жана камсыз кылынуусу тийиш. Иш жүзүндө эркиндигинен ажыратылган учурдан тартып адамга кармоону жүргүзгөн орган тарабынан коопсуздук камсыз кылынат. Администрациялык кармоонун мөөнөтү укук бузуучуну протокол түзүү үчүн алып келген учурдан тартып эсептелет. (КР КР 2003-жылдын 5-августундагы № 191, 2012-жылдын 16-июлундагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
565-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 июля 2012 года № 115 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 августа 2003 года № 191 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-565" title="565-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>