562-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу чаралары
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 39-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 апреля 2016 года № 39
562-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 562-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Администрациялык укук бузуу жасалган жерде аны түзүү мүмкүн болбогондо администрациялык укук бузууга бөгөт коюу, аны бузду деп шек саналгандын инсанын тактоо, администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколду түзүү, ишти өз убагында жана туура кароону камсыз кылуу жана иш боюнча кабыл алынган токтомду аткаруу максатында ыйгарым укук берилген кызмат адамы өз ыйгарым укуктарынын чегинде администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун төмөнкү чараларын көрүүгө укуктуу:
1) укук бузуучуну администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн жерге алып келүүгө;
2) жеке жакты администрациялык кармоого;
3) айдап келүүгө;
4) жеке карап чыгууга жана транспорт каражатын, чакан кемени жана буюмдарды карап чыгууга;
5) документтерди жана буюмдарды алып коюуга;
6) транспорт каражатын же чакан кемени башкаруудан четтетүүгө жана анын мас абалын күбөлөндүрүүгө;
7) транспорт каражатын, чакан кемени кармоого.
8) транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоого жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонууга.
2. Юридикалык жакка карата:
1) юридикалык жакка тиешелүү жайларды, аймактарды, аларда болгон товарларды, транспорт каражаттарын жана башка мүлктөрдү, ошондой эле тиешелүү документтерди карап чыгуу;
2) юридикалык жакка тиешелүү документтерди жана мүлктү алып коюу колдонулушу мүмкүн.
3. Кызмат адамы администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун мыйзамсыз чараларын колдонуудан келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.
(КР 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
562-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 апреля 2016 года № 39 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
08.04.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…күбөлөндүрүүгө; 7) транспорт каражатын, чакан кемени кармоого. кошулду: 8) транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоого жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонууга. 2. Юридикалык жакка карата: 1) юридикалык жакка тиешелүү жайларды, … чараларын колдонуудан келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат. кошулду: (КР 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-562" title="562-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>