5533-статья. Укук бузуу атайын техникалык каражаттарда катталганда администрациялык жоопкерчиликтин өзгөчөлүктөрү
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 37-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
1. Администрациялык укук бузуу тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттарда жана шаймандарда катталган учурда, жол кыймылы жагындагы администрациялык укук бузуу үчүн администрациялык жоопкерчиликке транспорт каражаттарынын менчик ээлери (ээлик кылуучулары) тартылат.
2. Эгерде анын билдирүүсү же арызы боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө, укук бузуу катталган учурда, ал ээлигинде турган адам, же, бул ал башка адамдардын укукка каршы аракеттеринин натыйжасында анын ээлигинен чыгып кеткени аныкталса, транспорт каражатынын менчик ээси (ээлик кылуучусу) бул транспорт каражатынын катышуусу менен жасалган администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчилигинен бошотулат.
3. Транспорт каражатынын менчик ээси (ээси) көрсөтүлгөн адам тарабынан жасалган укук бузуу үчүн төлөнгөн администрациялык айыптын суммасын жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде иш жүзүндөгү укук бузуучудан өндүрө алат.
(Эскертүү КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2011-жылдын 8-августундагы № 151, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5533-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-5533" title="5533-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>