Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
5531-статья. Буюм далилдери
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 37-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 июля 2014 года № 127
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча буюмдук далилдер катары ушундай укук бузуунун тике объектиси болуп эсептелген буюмдар, документтер, акча жана баалуулуктар, транспорт каражаттары өзүндө укук бузуунун изин сактаган же укук бузууну табууга жана укук бузууну жасаган адамдарды билүүгө каражат катары кызмат кыла алчу дагы башка буюмзаттар, ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн декларацияларды кошпогондо, иш жүзүндөгү иштин жагдайын аныктоо эсептелет. Администрациялык ишке кошуу үчүн мамлекеттик жана ведомстволук архивдерден түп нуска документтерди алып коюуга тыюу салынат. Бул учурларда ишке тиркөө үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан документтердин түп нускаларынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет. Буюм далилдин белгилери бар буюмзатка ээлик кылган ар кандай адам мындай буюмзатты Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамына көрсөтүүгө милдеттүү. Буюм далилдер администрациялык укук бузуу жөнүндө ишке кошулат. Алар администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколдордо, алып коюу, иликтөө өндүрүшү же дагы башка протоколдордо толук сыпатталып жазылышы керек. Зарылчылык туулса, буюм далилдер башка техникалык каражаттардын жардамы менен сүрөткө тартылып алынып же катталып коюлушу мүмкүн, мүмкүндүгүнө жараша мөөр басылып, бекитип коюлушу керек. Өндүрүшүндө же кароосунда администрациялык укук бузуу жөнүндө иш турган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы иш биротоло чечилгенге чейин буюмдук далилдердин сакталышын камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Буюм далиддерди сактоонун тартиби жана мөөнөттөрү - ушул Кодекс, ал эми аны менен жөнгө салынбаган жагы - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. Эгерде көлөмүнүн чоңдугуна же дагы башка себептер боюнча буюм далилдерин ишке кошууга мүмкүн эмес болсо, өндүрүшүндө же кароосунда ушул иш турган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы тарабынан ошол буюмзаттар турган жер жөнүндө маалым кат түзүлөт да ишке тиркелет. Соттун жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын токтомунда буюм далилдери жөнүндө чечим болушу керек, мында:
1) укук бузуучуга тиешелүү укук бузган курал конфискацияланууга тийиш;
2) жүгүртүүгө тыюу салынган буюмдар берилбейт жана тиешелүү уюмдарга өткөрүп берилүүгө же жок кылынууга тийиш;
3) эч кандай баалуулугу жок, колдонууга жараксыз бумдар жок кылынууга тийиш, ал эми таламдаш жактардын же уюмдардын расмий өтүнүчү болгон учурларда аларга берилет;
4) укук бузуунун натыйжасында табылган акча, дагы башка баалуулуктар соттун чечими боюнча, укук бузуучунун өлгөндүгүнө же анын жоопкерчиликке жараксыз деп табылганына байланыштуу иш токтотулган учурда тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын токтому менен мамлекеттин кирешесине киргизилүүгө тийиш, калган буюмдар мыйзамдуу ээлерине берилет, ал эми мыйзамдуу ээлери ким экенин аныктоого мүмкүн болбогон учурда мамлекеттин менчигине өтөт. Буюмдардын кайсы жакка таандык экендиги жөнүндөгү талаш-тартыш жарандык сот өндүрүшү тартибинде чечилүүгө тийиш;
5) буюм далилдери катары эсептелгеы документтер ошол документтер сакталган бардык мөөнөт ичинде козголгон иштин курамында турат же тиешелүү уюмдарга же жарандарга өткөрүп берилет.
Айрым учурларда, эгер ушул Кодекске ылайык буюм далилдер конфискацияланууга тийиш эмес болсо, бул ишти чечүүгө зыянын тийгизбесе, кимден алынса, ошол адамга кайтарылып берилсе болот. Тез бузулуп кете турган буюмдук далилдер каралып чыккандан кийин кимге тиешелүү болсо ошол адамга же керегине жараша пайдалануу үчүн тиешелүү ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга өткөрүп берилет. Мындай буюмзаттарды сатуудан түшкөн наркты кайтарып берүү жөнүндөгү маселе иш боюнча кабыл алынган чечимге ылайык чечилет. Ишти андан ары жүргүзүү же кароо үчүн башка мамлекеттик органга же сотко өткөрүп бергенде, ушул статьянын алтынчы жана тогузунчу бөлүктөрүндө каралгандан башка учурларда, буюм далилдери ошол иш менен бирге жөнөтүлөт. (КР 2004-жылдын 11-июнундагы №71, 2010-жылдын 25-февралындагы № 35, 2014-жылдын 10-июлундагы № 127 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 июля 2014 года № 127 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 февраля 2010 года № 35 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 июня 2004 года N 71 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндөЗакон · 25.02.2010 · № 36
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-5531" title="5531-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>