5466-статья. Администрациялык жазалар салынган маалыматтардын электрондук базасы
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 36-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Салынган администрациялык жазаларды жана администрациялык укук бузган адамдар жөнүндө маалыматтардын эсебин алуу, тутумдаштыруу жана сактоо максатында администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар чыгарылган эскертүүлөрдү кошпогондо, салынган администрациялык жазалардын маалыматтарынын (мындан ары - маалыматтардын электрондук базасы) электрондук базасын жүргүзүүгө милдеттүү. Маалыматтардын электрондук базасында төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
- укук бузган адам жөнүндө (фамилиясы, aты, атасынын аты, туулган датасы, жарандыгы, жашаган жери);
- салынган администрациялык жазанын түpү;
- жасалган администрациялык укук бузуунун мүнөзү (түрү) жана датасы;
- салынган администрациялык жазанын аткарылышы жөнүндө статус;
- администрациялык токтомдун номери жана датасы.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу орган жасалган укук бузуулардын мүнөзүн эсепке алуу үчүн маалыматтардын электрондук базасын зарыл болгон башка маалыматтар менен да толуктоого укуктуу. Маалыматтардын электрондук базаларын уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5466-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-5466" title="5466-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>