535-1-статья. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын органдары
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 36-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын органдары ушул Кодекстин 285, 286, 286-1, 298, 300-статьяларында, 302-статьянын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 307, 341, 354, 408-1, 410, 410-1-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарынын жетекчилери администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларын көрөт. Эскертүү. 286-1, 300-статьяларда, 302-статьянын биринчи бөлүгүндө, 341, 354-статьяларда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын органдары айып түрүндө администрациялык жаза чарасынын негизги гана түрүн салышат. Администрациялык жаза чарасынын кошумча түрү (конфискация) ушул Кодекстин 37-статьясына ылайык салынат. (КР 2018-жылдын 19-февралындагы N 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
535-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-535-1" title="535-1-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>