50515-статья. Шашылыш (штормдук) гидрометеорологиялык маалыматтарды чыгаруунун тартибин, гидрометеорологиялык байкоолорду, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышына байкоолорду жүргүзүүнүн эрежелерин жана талаптарын бузуу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 35-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Шашылыш (штормдук) гидрометеорологиялык маалыматтарды чыгаруунун тартибин бузуу, ошондой эле шашылыш маалыматты, авариялык кырдаалдар тууралуу маалыматтарды, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн зыяндуу заттар жана калдыктар менен булганышынын табылган очокторун бурмалоо, кечиктирүү же керектөөчүлөргө жеткирбей коюу - жеке жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө жана кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет. Гидрометеорологиялык байкоолорду жүргүзүүнүн, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы үчүн байкоолордун жана алар менен байланышкан гидрометеорологиялык мааламытты жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы тууралуу маалыматты топтоо, иштеп чыгуу, талдоо, сактоо жана керектөөчүлөргө берүү боюнча иштердин эрежелерин жана талаптарын бузуу - жеке жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө жана кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет. (КР 2018-жылдын 4-июлундагы N 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50515-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-50515" title="50515-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>