5046-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын декларациялоо тартибин бузуу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 35-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Товарларды жана транспорт каражаттарын декларациялоо тартибин бузуу, башкача айтканда, ушул главанын башка статьяларында каралган учурларды кошпогондо, декларациялоо формасы жана орду жөнүндө, декларациялоо өндүрүшү менен байланышкан аракеттерди жасоо жөнүндө (анын ичинде декларациялоо убактылуу, толук эмес же мезгилдүү бажылык декларацияны пайдалануу жөнүндө) белгиленген талаптарды сактабоо, - эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - экиден онго чейинки, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5046-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-5046" title="5046-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>