50425-статья. Бажы төлөмдөрүнөн мыйзамсыз бошотууга же аларды төмөндөтүүгө багытталган иш-аракеттер
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 35-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Бажылык максаттар үчүн зарыл болгон бажы декларациясында жана башка документтерде бажы жол-жобосу, бажылык нарк же болбосо товарлар жана транспорт каражаттары чыккан өлкөлөр жөнүндө жалган маалымат билдирүү же бажы төлөмдөрүнөн бошотууга же алардын өлчөмүн төмөндөтүүгө негиз болуучу башка жалган маалыматтарды билдирүү, ушул Кодекстин 504-18, 504-21, 504-22-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, кылмыш белгилери жок болгон учурда, - жарандарга - ондон элүүгө чейинки, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө же төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50425-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-50425" title="50425-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>