Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
50422-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын декларациялабоо же анык эмес декларациялоо
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 35-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Контрабанданын белгилери болбогондо, ушул Кодекстин 504-2, 504-6, 504-7, 504-17, 504-18, 504-19, 504-20, 504-21 жана 504-25-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, бажылык декларациялоого жаткан Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына белгиленген форма боюнча декларациялабоо - жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө; кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же болбосо ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн миң өлчөмүндө айып салууга алып келет. 504-17, 504-18, 504-20, 504-21 жана 504-25-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын анык эмес декларациялоо, башкача айтканда, бажы максаттары үчүн зарыл болгон товарлар жана транспорттук каражаттар жана башка маалыматтар жөнүндө анык эмес маалыматтарды билдирүү, - жарандарга - ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, кызмат адамдарына - ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө; юридикалык жактарга - ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү, аларды бажы жол-жобосу астында жайгаштыруу, бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан чечимдерди кабыл алуусуна таасирин тийгизбеген анык эмес маалыматтарды билдирүү, - эскертүү берүүгө же болбосо эсептешүү көрсөткүчүнүн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет. Эгерде аларды алып кетүүгө алып кетүүнүн (экспорттук) бажы алымдарын төлөө же болбосо тыюу салуу каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же сатып алынган товарларга жана транспорт каражаттарына карата жасалган ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле жосундар, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет. (КР 2011-жылдын 18-октябрындагы № 177, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 170 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-50422" title="50422-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>