50414-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын Бажы бирлигинин бажы аймагынын чегинен чыгарбоо же болбосо бажы аймагына кайра алып келбөө
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 35-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, белгиленген мөөнөттө мурда алынып келинген товарларды жана транспорт каражаттарын, эгерде аны чыгаруу милдеттүү болуп эсептелсе, Бажы бирлигинин бажы аймагынын чегинен чыгарбоо же болбосо Бажы бирлигинин бажы аймагынан мурда чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын, эгерде аны алып келүү милдеттүү болуп эсептелсе, кайрадан алып келбөө, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет. Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, кайра алып келүүнү же кайра алып кетүүнү ырастоо катары жасалма документтерди, жараксыз документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди же башка товарларга жана транспорт каражаттарына тиешелүү документтерди Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50414-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-50414" title="50414-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>