Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
46-статья. Администрациялык жазаны колдонуу мөөнөттөрү
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2012 года № 142
Администрациялык жаза администрациялык укук бузуу жасалган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен; укук бузуу созулганда - ал табылган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен; ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик менен алектенген адамдарга - ушул статьяда каралган учурларды кошпогондо, администрациялык укук бузуу табылган күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен жарандарга жана кызмат адамдарга колдонулушу мүмкүн. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу менен белгиленген укук бузуулар үчүн айып түрүндө администрациялык жаза жеке жана юридикалык жактарга карата администрациялык укук бузуу жасалган күндөн тартып беш жылдын ичинде колдонулушу мүмкүн. Укук бузуучунун аракеттеринде администрациялык укук бузуунун белгилери болгондо, жазык ишин козгоодон баш тарткан же жазык иши токтотулган учурда, администрациялык жаза жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган же ал токтотулган күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен берилиши мүмкүн. Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаганга чейин адам жаңы администрациялык укук бузууну жасаса, администрациялык жазаны колдонуу мөөнөтүн эсептөө үзгүлтүккө учурайт. Мындай учурларда мөөнөттү эсептөө жаңы администрациялык укук бузуу табылган учурдан тартып башталат. Эгерде укук бузууну жасаган адам атайылап жашырынып жүрсө же ага карата администрациялык жаза аткарылбаган болсо, администрациялык жазаны колдонуу мөөнөтүн эсептөө үзгүлтүккө учурайт. Мындай учурларда мөөнөттү эсептөө укук бузууну жасаган адам табылган учурдан тартып башталат. (КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 71, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 июня 2004 года N 71 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-46" title="46-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>