4311-статья. Кызыл Жарым Айдын жана Кызыл Кресттин эмблемаларын мыйзамсыз пайдалануу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 31-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кызыл Жарым Айдын жана/же Кызыл Кресттин эмблемаларын, "Кызыл Жарым Ай" же "Кызыл Крест" деген аттарды, айырмаланып туруучу сигналын же ар кандай башка белгисин, аларга окшош болгон же жаңылыштан ошондой кабыл алынышы мүмкүн болгон белгилерди же сигналды мыйзамсыз пайдалануу, аталган эмблемалардын сүрөттөрүн же белгилердеги сөздөрдү плакаттарда, кулактандырууларда, жарнама барактарында же коммерциялык документтерде жайгаштыруу же аларды товарларды же таңгактарды маркировкалоо үчүн пайдалануу, сатууга сунуш кылуу же мына ушинтип маркировкаланган товарларды сатуу - жарандарга - бештен онго чейинки, кызмат адамдарына - ондон элүүгө чейинки, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмдөгү эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндө администрациялык айып салынып, ишкердиктин белгилүү бир түрү боюнча алектенүүдөн бир жылга чейинки мөөнөткө лицензиядан (уруксаттан) ажыратууга алып келет.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4311-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-4311" title="4311-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>