427-статья. Аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын аскердик каттоосун жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтердин өз учурунда берилбөөсү
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 31-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Турак жай-эксплуатациялык уюмдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана үйлөрдү эксплуатациялоону ишке ашыруучу уюмдардын жетекчилеринин же аскердик-каттоо иши үчүн жооптуу болгон башка кызмат адамдарынын, ошондой эле аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын аскердик каттоосун жүргүзүү милдети жүктөлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кварталдык комитеттеринин төрагаларынын аскердик каттоого кабыл алууну же каттоодон чыгарууну толтуруу үчүн аскерге милдеттүү же чакырылуучулар болуп саналган жашоочуларга үй китептерин, каттоо баракчаларын жана аскердик каттоо документтерин (аскердик билеттерин, чакыруу участкаларына бекигендиги жөнүндө күбөлүктөрүн) өз учурунда бербей коюусу - эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
427-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-427" title="427-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>