415-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин түзүү, камсыз кылуу, сактоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 29-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 апреля 2014 года № 56
415-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 415-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кызмат адамдары мамлекеттик архив мекемелеринин өкүлдөрүн ведомстволук архивдерге киргизбей койгондо, - кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ыйгарым укуктуу адамдар мөөр басып бекиткен архив сактоочу жайларды өз алдынча ачуу, иши убактылуу же биротоло токтотулган архивдердин ишин кайрадан иштетүү, - кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын - мамлекеттик архивдерди толуктоонун булактарынын статистикалык отчетту бербөөсү, - юридикалык жактарга эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда документтер болгондо архивдик маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү, социалдык-укуктук мүнөздөгү документтердин көчүрмөлөрүн жарандарга берүүдөн баш тартканда, - кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Штатта мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишкананын, мекеменин архивинин иштөөсү үчүн жооптуу кызматкердин жоктугу, - кызмат адамдарына эскертүү же эсептик көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда документтерди сактоонун мыйзамда белгиленген шарттарынын жоктугу, - кызмат адамдарына эскертүү же эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда иш кагаздарын, өздүк курам боюнча иш өндүрүшүн жана документтерди жүргүзүү эрежелерин бузуу, - кызмат адамдарына эскертүү же эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Документтердин туруктуу жана узак мөөнөткө сакталышын тартипке келтирүү (документтердин баалуулугуна экспертиза жүргүзүү жана илимий-техникалык жактан иштеп чыгуу, көрсөтмөлөрдүн тизмелерин түзүү) мөөнөттөрү сакталбаганда, - кызмат адамдарына эскертүү же эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Менчигинин түрүнө карабастан мекеме, уюм жана ишкана жоюлганда же кайра уюшулганда кызмат адамдары тарабынан архивдик документтерди укук мураскерине же андай жок болгондо жогору турган уюмдун архивине же болбосо тиешелүү мамлекеттик архивге өткөрүү боюнча чаралар көрүлбөгөндө, - кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын документтерди, анын ичинде жана аудиовизуалдык документтерди белгиленген мөөнөттө мамлекеттик архивге өткөрүп берүүдөн баш тартышы, - кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнө тиешелүү документтерди мыйзамсыз сатып алуу-сатуу жана башка мыйзамга каршы бүтүмдөр, - жарандарга эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 162, 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
415-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 апреля 2014 года № 56 "О внесении дополнения и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 ноября 2007 года № 162 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы №346 "Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобону жана Мекемелердин, уюмдардын…Постановление · 31.12.2010 · № 346 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-415" title="415-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>