4092-статья. Компьютердик маалыматтарды мыйзамсыз алуу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 29-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Мыйзам тарабынан корголуучу компьютердик маалыматтарды, башкача айтканда машина алып жүрүүчүсүндөгү, электрондук эсептөө машинасындагы (ЭЭМ), ЭЭМ тутумундагы же алардын тармагындагы маалыматтарды мыйзамсыз алуу, эгер бул жосун маалыматтарды жоготууга, бөгөт коюуга, модификациялоого, же көчүрмөлөөгө, ЭЭМ ишинин, ЭЭМ тутумунун же алардын тармагынын бузулуусуна алып келсе, - жарандарга - жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга, кызмат адамдарына - жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга же он беш күнгө чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга, юридикалык жактарга миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө айып салууга алып келет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4092-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-4092" title="4092-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>