4003-статья. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан мүлк жана кирешелер тууралуу декларацияларды бербөө же талаптагыдай эмес берүү
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 29-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан мүлк жана кирешелер тууралуу декларацияларды белгиленген мөөнөттө бербөө, - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан мүлк жана кирешелер тууралуу декларацияларды туура эмес же толук эмес маалыматтар менен берүү, - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи же экинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундардын кайталанып жасалуусу же болбосо администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин бузуулардын четтетилбөөсү, - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 401-статья. Министрликтер менен администрациялык ведомстволордун жалпыга милдеттүү мүнөзгө ээ болгон ченемдик укук актыларын мамлекеттик каттоого бербөөсү (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 402-статья. Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) тийиштүү мамлекеттик (эсепке алууну) каттоосуз, кайра каттоосуз иштерин жүзөгө ашырышы Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте тийиштүү мамлекеттик (эсепке алууну) каттоосуз, кайра каттоосуз иштерин жүзөгө ашырышы, - кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 162 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4003-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-4003" title="4003-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>