Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
4001-статья. Кызмат адамдарынын жеке ишкердин же юридикалык жактын ишине мыйзамсыз кийлигишүүсү
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 29-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде көзөмөлдүк жана контролдук иш-милдеттерди аткаруучу кызмат адамдарынын жеке ишкердин же юридикалык жактын ишине, анын ичинде төмөнкүдөй жолдор менен мыйзамсыз кийлигишүүсү:
- кызмат адамы тарабынан жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарын, эркиндиктерин, милдеттерин жана кызыкчылыктарын козгогон, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына каршы келген мыйзамсыз актыны чыгарышы;
- кызмат адамдары күчүн белгиленген тартипте жоготкон, сот тарабынан жараксыз деп табылган, же ыйгарым укуктуу органдар тарабынан күчү токтотулган, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген же белгиленген тартипте жарыяланбаган ченемдик укуктук актыларды мыйзамсыз колдонушу;
- кызмат адамы тарабынан анын ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан жана жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттердин жасалышы;
- мыйзамда каралбаган ар кандай жыйымдарды жана төлөмдөрдү белгилөө;
- мыйзамсыз тапшырмаларды берүү жана талаптарды коюу,-
эсептешүү көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган, администрациялык жаза чарасын колдонуудан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле аракеттер,- ээлеген кызматынан бошотуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги №140, 2012-жылдын 16-июлундагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-4001" title="4001-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>