3911-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдарды мыйзамсыз ташуу же Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамсыз чыгып кетиши
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 28-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Эл аралык ташууну жүзөгө ашыруучу транспорттук же дагы башка уюм тарабынан бир же бир нече укук бузуучунун Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракет кылышына алып келүүчү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүшүнө же мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылышына алып келген адамдардын транспорт каражатына мыйзамсыз түшүп алышын жана аны мыйзамсыз чыгып кетишине пайдаланышын четтетүү боюнча чараларды көрбөй коюшу, - юридикалык жактарга эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык айып салууга алып келет. Жеке иштер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүчү адам тарабынан бир же бир нече бузуучунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүсүнө же мыйзамсыз өтүүгө аракет жасоосуна алып келген транспорт каражатына мыйзамсыз кирүүсүн болтурбоо боюнча чаралар көрүлбөсө, - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2003-жылдын 9-августундагы № 193, 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3911-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-3911" title="3911-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>