382-статья. Жарандар тарабынан атылуучу (аңчылык) куралдарын сатып алуу, сактоо, берүү же сатуу тартибин бузуу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 28-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2013 года № 171
Ички иштер органдарынын уруксатысыз жарандар тарабынан атылуучу (аңчылык) куралдарын сатып алуу, сактоо, башка бирөөлөргө берүү же сатуу тартибин бузуу - куралын конфискациялоо менен же антпестен эле эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - куралын конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2002-жылдын 10-мартындагы № 33, 2013-жылдын 30-июлундагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
382-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 июля 2013 года № 171 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 марта 2002 года № 33 "О внесении изменений и дополнения в Кодекс КР об административной ответственности "Редакцияларды салыштыруу
30.07.2013 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…конфискациялоо менен же антпестен эле эсептешүү көрсөткүчүнүн алынып салынды: бирден эки кошулду: бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул … жасалса, -
куралын конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн алынып салынды: экиден беш кошулду: ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
(КР 2002-жылдын 10-мартындагы № алынып салынды: 33 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 33, 2013-жылдын 30-июлундагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-382" title="382-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>