363-статья. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын пайдалануу менен жарнамалоо
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 27-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Өздөрүнүн касиеттери (өлчөмү, түсү, сүрөтү) боюнча төлөөдө колдонууда Кыргыз Республикасынын акча белгилеринин чыныгы купюралары катары кабыл алынышы мүмкүн болгондой банкноттордун сүрөттөрүн же алардын сүрөттөрүнүн кандайдыр бир жарым-жартылай даярдалышын (бир же бир нече түстөгү) пайдалануу, - укук бузууну жасоонун куралы же түздөн-түз объектиси болгон буюмзатты конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык айып салынгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Эгерде банкноттун сүрөтү өтө чоңойтулган (130%тен кем эмес) же өтө кичирейтилген (70%тен кем эмес) көлөмдө, ошондой эле жарык реклама түрүндө берилсе, ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын расмий уруксатысыз эле улуттук валютанын бир же бир нече түстөрдө сүрөттөлүшүн жасоого жол берилет.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
363-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-363" title="363-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>