3351-статья. Маалыматтарды ачуу тартибин бузуу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 24-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Эмитенттин, баалуу кагаздардын кесиптик катышуучусунун баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактабоосу, - баалуу кагаздар эмитентинин кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон отузга чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар - баалуу кагаздар эмитенттерине - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө; баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - баалуу кагаздар эмитентинин кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар - баалуу кагаздар эмитенттерине - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө; баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларына - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2004-жылдын 9-мартындагы № 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3351-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-3351" title="3351-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>