2441-статья. Коркунучтуу жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча талаптарды сактабагандык
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 20-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Коркунучтуу жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полиси жанында болбогон адамдын транспорт каражатын айдоосу, - эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Коркунучтуу жүктөрдү ташуучу деп коркунучтуу жүктөрдү ташыган жана бул үчүн транспорт каражатын пайдаланган жеке же юридикалык жак түшүнүлөт. Жүргүнчүлөрдү ташуучу деп менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде автомобилдик транспорт каражатка ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, акы үчүн же жалдоо боюнча жүргүнчүлөрдү жана алардын мүлкүн ташууга укугу бар жеке же юридикалык жак түшүнүлөт. Жүргүнчү деп анын атынан же анын өзү түзгөн ташуу келишимин аткаруу үчүн ташуучу акыга ташыган жеке жак түшүнүлөт. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2441-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-2441" title="2441-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>