Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2311-статья. Жолду мыйзамсыз тосуу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 20-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Эгерде бөгөт коюунун же кыймылды чектөөнүн узактыгы жыйырма төрт сааттан ашпаса, автомобиль жолун мыйзамсыз тосуу, башкача айтканда жөө жүрүүчүлөрдүн, автомобиль же башка транспорт каражаттарынын кыймылын жол тилкесине чыгуу жана анда адамдардын болушу менен мыйзамсыз кара күч менен бөгөт коюу же чектөө, ошого тете мындай аракеттерге материалдык жана башка колдоо көрсөтүү максатында бөгөт коюлган (чектөө) жерге адамдарды, тамак-ашты жана жүктөрдү ташып келүү жолу менен кыймылды мындай бөгөт коюуга жана (же) чектөөгө көмөктөшүү, - жеке жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эгерде бул аракеттер жазыктык жазалоо жосунунун белгилерин камтыбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык стратегиялык маанидеги объекттерге таандык автомобиль жолдорун тосуу жана (же) тосмолоо курулмаларын, техниканы же башка буюмдарды орнотуу менен жасалган ошол эле аракеттер, - укук бузууну жасоонун куралы болуп саналган каражаттарды конфискациялоо менен жеке жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга же укук бузууну жасоонун куралы болуп саналган каражаттарды конфискациялоо менен беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган аракеттер олуттуу зыян келтирүүгө алып келсе, - укук бузууну жасоонун куралы болуп саналган каражаттарды конфискациялоо менен отуз саатка коомдук иштерге тартууга же укук бузууну жасоонун куралы болуп саналган каражаттарды конфискациялоо менен беш суткалык мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет. Ушул статьянын биринчи - үчүнчү бөлүгүндө каралган аракеттерди уюштуруу же жетектөө, - укук бузууну жасоонун куралы болуп саналган каражаттарды конфискациялоо менен жеке жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга же укук бузууну жасоонун куралы болуп саналган каражаттарды конфискациялоо менен беш суткалык мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет. Эскертүү. Укук бузуу жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнөн жүз эсе ашкан зыян ушул статьяда олуттуу зыян деп таанылат. (КР 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-2311" title="2311-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>