2135-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында транспорттук каражаттардын белгиленген салмакгабариттик параметрлерин сактабоо
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 20-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 мая 2015 года № 105
Кыргыз Республикасынын аймагында транспорттук каражаттардын белгиленген салмакгабариттик нормаларын сактабоо - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалганда, - жарандарга - транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүү менен эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эгерде бул ири өлчөмдүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташуу талаптарын бузууга алып келсе, жүк жөнөтүүчү тарабынан жүктүн массасы жана өлчөмдөрү жөнүндө туура эмес маалыматтарды берүү, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2014-жылдын 3-февралындагы № 25, 2015-жылдын 19-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2135-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 19 мая 2015 года № 105 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 февраля 2014 года № 25 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-2135" title="2135-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>