213-11-статья. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган документтерсиз Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 20-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган документтерсиз Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү, контрабанданын белгилери жок болгондо - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо менен же болбосо товарлардын наркын өндүрүп алуу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо менен же болбосо бул товарлардын наркын өндүрүп алуу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо менен болбосо товарлардын наркын өндүрүп алуу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо менен же болбосо бул товарлардын наркын өндүрүп алуу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттерди биринчи жолу жасаган адам Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте товарларды декларациялоо жана салык отчётун берүү менен, салыктык санкцияны жана туумду кошуп алганда эсептелген салыктарды ыктыярдуу төлөгөн учурда администрациялык жаза чарасынан бошотулат. (КР 2016-жылдын 26-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
213-11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-213-11" title="213-11-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>