1174-статья. Уруксатсыз археологиялык чалгындоолорду же казууларды жүргүзүү
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Белгиленген тартипте уруксат албастан же болбосо уруксатта каралган шарттарды бузуу менен археологиялык чалгындоолорду же казууларды жүргүзүү, - казуулардын натыйжасында табылган буюмдарды, ошондой эле чалгындоо же казуулар үчүн пайдаланылган куралдарды жана жабдууларды конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейин, казуулардын натыйжасында табылган буюмдарды, ошондой эле чалгындоо же казуулар үчүн пайдаланылган куралдарды жана жабдууларды конфискациялоо менен кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейин, казуулардын натыйжасында табылган буюмдарды, ошондой эле чалгындоо же казуулар үчүн пайдаланылган куралдарды жана жабдууларды конфискациялоо менен юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн жүз элүүгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Байкабастыктан археологиялык мурас объекттин бузууга же жок кылууга алып келген ушул статьянын биринчи бөлүгү менен каралган аракеттер, - казуулардын натыйжасында табылган буюмдарды, ошондой эле чалгындоо же казуулар үчүн пайдаланылган куралдарды жана жабдууларды конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейин, казуулардын натыйжасында табылган буюмдарды, ошондой эле чалгындоо же казуулар үчүн пайдаланылган куралдарды жана жабдууларды конфискациялоо менен кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейин; казуулардын натыйжасында табылган буюмдарды, ошондой эле чалгындоо же казуулар үчүн пайдаланылган куралдарды жана жабдууларды конфискациялоо менен юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүзгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1174-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-1174" title="1174-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>