Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1171-статья. Мамлекеттик маанидеги тарыхый-маданий мурастардын объекттерин, алардын аймактарын жана зоналарын сактоонун, пайдалануунун жана коргоонун талаптарын бузуу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Мамлекеттик маанидеги тарыхый-маданий мурастардын объекттерин (тарых жана маданият эстеликтерин), алардын аймактарын жана зоналарын сактоонун, пайдалануунун жана коргоонун талаптарын бузуу, ошого тете аларды коргоо зоналарында белгиленген чектөөлөрдү сактабоо, - эскертүүгө же жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн жүз элүүгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маанидеги тарыхый-маданий мурастарынын өзгөчө баалуу объекттерине, алардын аймактарындагы тарыхый-маданий мурастардын объекттерине, тарыхый-маданий коруктарынын (музей-коруктарынын) аймактарына, ошого тете аларды коргоо зоналарына карата жасалган ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган аракеттер (аракетсиздик), - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүзгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Табылган тарыхый-маданий мурас объекттерине же алардын аймактарына карата жасалган ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттер (аракетсиздик), - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн жүз элүүгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-1171" title="1171-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>