Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Окмотунун «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 16 мая 2011 года №223 "Об отзыве некоторых проектов нормативных правовых актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-05-16.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 223 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2010-жылдын 9-февралы № 88
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам
актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөр-
дү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-
нын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кыз-
матынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү
болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Үсөнов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 2008-жыл, № 8, 992-берене) төмөндөгү
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-берене төмөндөгү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздоо туура-
луу мыйзамын жөнгө салбаган жана бузбаган бөлүктө социалдык камсыздоо
боюнча төлөмдөрдү төлөтүү боюнча пайда болгон учурларда салык кодекси
колдонулат.".
49-берененин 1-пунктундагы "салык мыйзамы" деген сөздөрдөн кийин
"жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамы" деген сөздөр
менен толукталсын.
163-берененин 2, 3-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмунда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынуучу
катнаштар пайда болгон учурда ушул беренеге ылайык бекитилген салык ба-
засы минималдык эсептик кирешеден кем болбойт.
3. Кыргыз Республикасынын региондору боюнча бир айлык минималдык
эсептик киреше кийинки календардык жылга ушул кодекстин 170-беренелери-
нин 1 жана 3-пункттарында каралган стандарттык чегерүүлөрдү эсепке алуу
менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тизме боюнча
ишканалардын айлык акыларынан алыскы зоналарда жана бийик тоолуу шарт-
тарда аткарылуучу иштерге карата бекитилген райондук коэффициенттердин
жана кошумчалоолордун өлчөмдөрүн эсепке албастан, Кыргыз Республикасы-
нын Статистика органынын маалыматтарынын негизинде кызматкерлердин мур-
дагы жылдагы регионалдык орто айлык акысынан 50 пайыз өлчөмдөн кем эмес
бекитилет.
Минималдык эсептик кирешени жана кийинки календардык жылдын бир
айлык минималдык эсептик кирешени аныктоо тартиби Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Минималдык эсептик киреше өлчөмү ушул жылдын 1-ноябрынан кечикти-
рилбестен өз мөөнөтүндө официалдуу түрдө жарыяланууга жатат.
176-берененин 3-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмунда баяндалсын:
"3. Эгер киреше салыгы боюнча салык базасынын өлчөмү минималдык
эсептик кирешеден аз сумманы түзсө, кирешеге карай салык боюнча салык
базасынын өлчөмү минималдык эсептик киреше менен тењ кабыл алынат.
2. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2009-жыл, 3-фев-
раль, N 8) төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-берененин 1-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмунда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын органдары
(мындан ары - мамлекеттик салык кызматы) - салык мыйзамы жана Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тууралуу мыйзамы
менен бекитилген талаптарга ылайык камсыздандыруу төгүмү боюнча милдет-
терди жана салык милдеттерин аткаруу боюнча салык төлөөчүлөргө көмөк
көрсөтүү, камсыздандыруу төгүмдөрүн, салыктарды бюджетке өз учурунда,
так жана толугу менен төгүү салык милдеттерин сактоого көзөмөл
жүргүзүүнү камсыздоо боюнча функцияларын аткарууну жүргүзүүчү салык ор-
ганынын бирдиктүү системасы.".
3. Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө
кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,
1999-ж., N 2, 77-берене) төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги-
зилсин:
81-беренеде:
берененин аталышындагы "социалдык камсыздоо органдары" деген
сөздөр "тийиштүү органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
биринчи беренедеги "социалдык камсыздоо органдарда" деген сөздөр
"тийиштүү органдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
83-беренеде:
берененин аталышындагы "төлөмдөр" деген сөз "төлөм акылары" деген
сөздөргө алмаштырылсын;
биринчи абзацтагы "төлөмдөр" деген сөз "төлөм акылары" деген
сөздөргө алмаштырылсын;
535-беренеде:
биринчи абзацтагы "беренелери менен каралган" деген сөздөрдөн ки-
йин "81, 82, 83" деген сандар менен толукталсын;
экинчи абзацтагы "инспекциялары" деген сөз "кызматтары" деген
сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Постановление ЖК КР от 25 февраля 2010 года №1704-IV " О принятии Закона Кыргызской Республики "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской…Правила · 25.02.2010 · № 1704
- КР Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 25-февралындагы № 1704-IV "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.02.2010 · № 1704-IV · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №223 "Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларынын айрым долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон