Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Тамеки буюмдардын категорияларын түзүү» тартиби
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-декабрындагы
№ 735 токтому менен
бекитилген
Тамеки буюмдардын категорияларын түзүү
ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Тамеки буюмдарынын жањы түрлөрүн өндүрүүдө жана алып
келүүдө категорияларды түзүү тартиби
3-глава. Комиссиянын милдеттери
4-глава. Комиссиянын укуктары жана иш тартиби
Тиркеме. Суроо-талап
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же Кыр-
гыз Республикасынын аймагына алып келинүүчү тамеки буюмдардын жањы
түрлөрүнүн категорияларын аныктоо, ошондой эле болгон тамеки буюмдардын
категорияларын кайра карап чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Са-
лык кодексинин 287-статьясына ылайык иштелип чыккан.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же Кыргыз Респуб-
ликасынын аймагына алып келинүүчү тамеки буюмдардын жањы түрлөрүн тие-
шелүү категорияларга киргизүүнү, ошондой эле болгон тамеки буюмдардын
категорияларын кайра карап чыгууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн че-
чими менен түзүлүүчү Тамеки буюмдарына орто рыноктук бааларды ай сайын
мониторингдөө жана тамеки буюмдардын категорияларын аныктоо боюнча ве-
домстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) жүргүзөт.
3. Комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз-
доону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат
жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жүргүзөт.
2-глава. Тамеки буюмдарынын жањы түрлөрүн өндүрүүдө жана
алып келүүдө категорияларды түзүү тартиби
4. Комиссиянын дарегине өндүрүүчү же импорттоочу тамеки буюмдардын
жањы түрлөрүн Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүүдө же Кыргыз Рес-
публикасынын аймагына алып келүүдө ушул Тартиптин тиркемесине ылайык
форма боюнча билдирмени жиберет. Билдирме Кыргыз Республикасынын айма-
гында өндүрүүнүн же тамеки буюмдарын Кыргыз Республикасынын бажы айма-
гына иш жүзүндө алып келүүдө башталышына чейин 1 айдан кем эмес Комис-
сиянын кароосуна берилиши керек.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же Кыргыз Респуб-
ликасынын аймагына алып келинүүчү тамеки буюмдардын жањы түрлөрүн тие-
шелүү категорияларга киргизүүнү Комиссия берилген билдирмелердин неги-
зинде, эки жумуш күндүн ичинде жүргүзөт.
6. Акциздик маркаларды биринчи жолу сатып алууда тамеки буюмдарына
чекене баалардын мониторингин жүргүзүү жана жањы түрлөрүнүн категория-
ларын аныктоо үчүн кесилген же кесилбеген акциздик маркаларга заказ
берүүдө 210000 (эки жүз он мињ) куту сигарет өлчөмүндө тамеки буюмдары-
нын жањы түрлөрүн чыгарууга же импорттоого чектөө белгиленет. Тамеки
буюмдарынын жањы түрү үчүн акциз салыгын эсептөө чыгаруучунун же импор-
тердун арыздарын кароодо Комиссия тарабынан аныкталуучу тамеки буюмда-
рынын категорияларына туура келүүчү ставкалар боюнча жүргүзүлөт.
Акциздик маркалардын кийинки пакеттин алуу үчүн сигареттин жањы
түрүн өндүрүүчү же импортер Комиссияга кайрадан кайрылат.
Сигареттин ушул түрүнө чекене бааларга талдоо жүргүзгөндөн кийин
Комиссия акциздик маркаларды берүүнү андан ары чектөө жөнүндө же ушун-
дай чектөөнү алып салуу жөнүндө чечим кабыл алат.
7. Эгерде Комиссия сигареттин жањы түрү өндүрүүчү же импорттоочу
билдирген баа боюнча сатылганын аныктаса акциздик салык мурунку ставка
боюнча алынат. Эгерде сигаретке чекене сатуу баасы өзгөрсө Комиссия та-
рабынан сигареттин жањы түрү киргизилүүчү категория аныкталат.
8. Кыргыз Республикасында тамеки буюмдарына чекене бааларды ай са-
йын мониторингдөө тамеки буюмдарынын өндүрүүчүлөрү жана импорттоочулары
тарабынан берилген маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү
боюнча мамлекеттик агенттик тарабынын жүргүзүлөт.
Тамеки буюмдарына чекене баалар жөнүндө маалыматтар өндүрүүчүлөр
жана импортерлор тарабынан Кыргыз Республикасынын базаларында түзүлгөн
тамеки бумдарына орточо чекене бааларды салыштыруу жана аныктоо үчүн
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана
атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке берилет.
9. Комиссия ай сайын Кыргыз Республикасынын базарларында болгон
тамеки бумдарына чекене баалардын мониторингинин натыйжаларына талдоо
жүргүзөт.
10. Ай сайын жүргүзүлүүчү мониторингдин натыйжасы боюнча зарылды-
гына жараша Комиссия тарабынан өндүрүлүүчү жана алынып келинүүчү тамеки
бумдарынын категориялары кайра каралат.
3-глава. Комиссиянын милдеттери
11. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Тамеки буюмдарына орточо чекене баалардын мониторингин жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же алып келинүүчү
тамеки буюмдарынын жањы түрлөрүнүн категорияларын аныктоо;
- чекене баанын өзгөрүшүнө жараша тамеки буюмдарынын категорияла-
рынын ар бир айлык мониторингинин жыйынтыктары боюнча кайра карап чы-
гуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Респуб-
ликасынын аймагына алып келинүүчү тамеки буюмдарынын тизмесин категори-
ялар боюнча түзүү.
4-глава. Комиссиянын укуктары жана иш тартиби
12. Комиссия өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Салык кодек-
син, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексин, Кыргыз Республикасынын башка
нормативдик укуктук актыларын жана ушул Тартипти жетекчиликке алат.
13. Комиссиянын ишмердигине жетекчиликти анын төрагасы, ал жок
учурда - анын орун басары ишке ашырат.
14. Комиссия өзүнүн ыйгарым укуктарын заседаниелерде ишке ашырат.
15. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- өкүлдөрү Комиссия мүчөлөрү болуп саналган органдардан Комиссия-
нын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча маалыматтарды сурап алуу-
га;
- Комиссиянын кароосуна берилген материалдардын жана маалыматтар-
дын тууралыгын текшерүүнү укуктуу органдарга тапшырууга;
- Комиссиянын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү
жөнүндө белгиленген тартипте сунуш киргизүүгө;
- акциз салыгынын дифференцияланган ставкаларын колдонуунун натый-
жалуулугуна талдоо жүргүзүү үчүн тамеки буюмдарын өндүрүүчүлөрдөн жана
импорттоочулардан зарыл маалымат алууга;
- Комиссиянын алдында турган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон
башка аракеттерди көрүүгө.
16. Комиссиянын заседаниеси ай сайын, ошондой эле өндүрүшчүдөн же
импорттоочудан тамеки буюмдарынын жањы түрүн Кыргыз Республикасынын ай-
магында өндүрө баштоо же Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып
келүү жөнүндө арыз түшкөндө өткөрүлөт.
17. Комиссиянын кезектеги заседаниесине карата күн тартиби тамеки
буюмдарын өндүрүүчүлөрдөн жана импорттоочулардан түшкөн арыздардын не-
гизинде даярдалат. Комиссия мүчөлөрү, ошондой эле Комиссияда каралууга
тийиш болгон маселелерди жазуу жүзүндө киргизе алышат.
18. Күн тартибинин ар бир маселеси боюнча Комиссиянын чечими Ко-
миссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол ме-
нен таризделип, ага Комиссия мүчөлөрү кол коюшат.
19. Кароонун жүрүшүндө Комиссия мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө
пикирлер жана кабыл алынган чечимдер протоколго жазылат.
20. Заседаниенин протоколунда баяндалган Комиссиянын тапшырмалары
Комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн аткарышы үчүн милдеттүү.
21. Заседание ага Комиссиянын бардык мүчөлөрү катышканда укуктуу
болуп эсептелет. Комиссиянын бир же бир нече мүчөлөрү жүйөөлүү себеп-
терден улам катыша албаса, Комиссиянын калган мүчөлөрү жазуу жүзүндөгү
тастыктоого ылайык ордун алмаштыруу үчүн тиешелүү адамдарды жибере алы-
шат. Кворум жок болсо, заседание төрага аныктоочу күнгө которулат.
22. Тамеки буюмдарынын категорияларын аныктоого өндүрүшчүлөрдөн
жана импорттоочулардан түшкөн суроо-талаптардын түп нускалары Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаан-
даштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикте сакталат.
23. Комиссиянын чечими тиешелүү органдарга жана жактарга жибери-
лет.
24. Комиссиянын кабыл алынган чечимдеринин негизинде Кыргыз Рес-
публикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына
алып келинүүчү тамеки буюмдарынын категориялары боюнча тизме түзүлүп,
ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат
жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин ачык маалы-
маттык веб-сайтында жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-декабрындагы
N 735 токтому менен бекитилген
Тамеки буюмдарынын
категорияларын түзүү тартибине
тиркеме
Тамеки буюмдарына орточо рыноктук
бааларды ай сайын мониторинг
жүргүзүү жана тамеки буюмдарынын
категорияларын аныктоо боюнча
ведомстволор аралык комиссия
Суроо-талап
Төмөнкү тамеки буюмдарынын категориясын аныктап берүүсүн сурайбыз:
| Тамеки буюмдарынын тиби (сигареттер, сигаралар,...) | |
| Чыккан өлкөсү | |
| Арыз берүүчү | |
| ИНН | |
| Соода маркасынын аталышы | |
| Ар түрдүүлүгү (Full Flavor, Вluе, Red, Silver ж.б.) | |
| Сунушталган чекене баа (кутуча/сом/20 даана) | |
| Тамеки буюмдарынын категориясы (акциз салыгы) | |
| Берүү баасы (кутуча/сом/20 даана) | |
| Мүшөктөрдүн тиби (Аmerican, Virginia, Оrient,...) | |
| Никотин/чайыр | |
| Чыпка тиби (ацетат, көмүр, Stream Tec,...) | |
| Сигареттин форматы (84 mm, 100 mm, Slim,...) | |
| Тањгакчанын өзгөчөлүгү | |
| Кутучанын сыйымдуулугу (20, 10,..) | |
| Тањгактоо тиби (жумшак, катуу, ...), | |
| материалдар (кагаз, картон, жыгач,...) | |
| Тањгакчадагы кошумча маалымат | |
| Блоктун сыйымдуулугу (20 куту,...) | |
| Коробканын сыйымдуулугу (даана) |
М.О. ______________________ _____________
Арыз ээси Күнү
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана…Постановление · 30.12.2008 · № 735
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон