Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бейсалык төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-05-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 25-майы № 320
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык баалуу металлдар жана асыл таштардын рыногун либерал-
даштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоо-
рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу
1-берене.
"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1994-ж., N 5,
157-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 17-беренеде:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"17-берене. Тамгалоо төлөмү";
- биринчи жана экинчи бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Тамгалоо төлөмү ички өндүрүштөгү, ошондой эле республикага сатып
өткөрүү үчүн алынып келинүүчү кымбат баалуу металлдардан жана асыл таш-
тардан жасалган зергер, тиричилик буюмдарына белги коюу, текшерүү жана
эн салуу, тамгалоо эн издерин техникалык экспертизалоо, кымбат баалуу
металл кошулган буюмдарды жана материалдарды экспертизалоо жана башка
лабораториялык иштер үчүн алынат.
Тамгалоо көзөмөлүн жүргүзүү тартиби, ошондой эле тамгалоо төлөмү-
нүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2. 20-беренеде:
- биринчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
менен макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кыз-
маты" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө ал-
маштырылсын;
- экинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
караштуу Кымбат баалуу металлдар жана асыл таштар башкармасына өткөрү-
лүп берилет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Кымбат баалуу металл-
дар жана асыл таштар мамлекеттик фондуна өткөрүп берилет" деген сөздөр-
гө алмаштырылсын.
3. 24-берене алып салынсын.
4. 25-беренеде:
- экинчи бөлүктө "мыйзамда белгиленген" деген сөздөрдөн кийин
"элүү" деген сез менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары-
нын ээлигине белек катары берилген кымбат баалуу металлдардан жана асыл
таштардан жасалган ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн буюмдар
Кыргыз Республикасынын Кымбат баалуу металлдар жана асыл таштар мамле-
кеттик фондуна өткөрүп берилүүгө тийиш.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
- Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөЗакон · 14.05.1998 · № 61 · Күчүн жоготкон