КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан жер участокторун „Казахмыс Голд Кыргызстан“ жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2013-жылдын 29-октябры № 583 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан жер участокторун "Казахмыс Голд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 233-6, 384-беренелерине жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 5-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн "Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө" 2012-жылдын 17-октябрындагы № 19 жана "Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө" 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 43" буйруктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш жана Көк-Серек айыл аймактарында жайгашкан, "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясындагы жалпы аянты 103,75 га жер участокторун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген, 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 710 АЕ жер казынасын иштетүү максатындагы пайдалануу укугуна лицензиясы аракеттеги мөөнөткө "Казахмыс Голд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары - "Казахмыс Голд Кыргызстан" ЖЧК) ижара келишиминин шарттарында убактылуу пайдаланууга берилсин, анын ичинен:
Көк-Таш айыл аймагынын жерлеринен:
- 82,8 га - тоо-кен байытуу комбинатын куруу үчүн;
- 6,7 га (Бозымчак өнөр жай аянты - Аутсай ПК-0 авто жолу) - жол курууга;
- 0,68 га - "Шекафтар-Бозымчак" 110 кВ жогорку чыңалуудагы аба электрчубалгысын курууга;
Көк-Серек айыл аймагынын жерлеринен:
- 8,2 га - Жалгыз-Арча - Кайнама - Бозымчак жолун курууга;
- 3,57 га (Ак-Сай участогу) - жардыруучу материалдарды сактоо кампасын курууга;
- 0,94 га (Ак-Сай участогу) - жардыруучу материалдарды сактоо кампасына чейин баруучу жолду курууга;
- 0,86 га - "Шекафтар-Бозымчак" 110 кВ жогорку чыңалуудагы аба электрчубалгысын курууга.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөндөгүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- "Казахмыс Голд Кыргызстан" ЖЧК менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш жана Көк-Серек айыл өкмөттөрүнүн, бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторуна ижара келишимдерин түзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын "Казахмыс Голд Кыргызстан" ЖЧКнын төлөп берүүсүн.
3. "Казахмыс Голд Кыргызстан" ЖЧКна белгиленген тартипте төмөндөгүлөрдү камсыздоо сунушталсын:
- берилген жер участокторунда экологиялык жана техникалык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана пайдалануу бөлүгүндө эксперттик корутундулары бар тиешелүү долбоордун документтерин иштеп чыгуу;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте жерлерди кайра калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- лицензия берилген аянттын жана бөлүнүп берилген жердин чектеринде жумуштарды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын жаратылышты сактоо мыйзамдарынын ченемдерин жана талаптарын сактоо.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 1-ноябрында № 88 жарыяланды
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги №205 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын ишин изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө"токтомуПостановление · 01.04.2009 · № 205 · Күчүн жоготкон