Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын ишин изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-04-01.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 1-апрели № 205
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын ишин
изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө
"Каракол" эркин экономикалык зонасынын чек араларын белгилөө жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин каршы пикирлери жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Жогорку Кењешинин 2008-жылдын 23-октябрындагы № 702-IV токтомуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын ишин
изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия)
тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия 2009-жылынын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Рес-
публикасындагы эркин экономикалык зоналарынын ишине толук экономикалык
талдоо жүргүзсүн жана анын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштары киргизсин.
3. Комиссиянын ишин уюштуруу, методологиялык жана башка жактан
камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода минист-
рлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетине, Кыргыз
Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине
жүктөлсүн.
4. Комиссияга зарыл учурда мамлекеттик органдардын жана башка ме-
кемелердин тиешелүү адистерин белгиленген тартипте жумушка тартууга
укук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитет-
теринин, администрациялык ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка
органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери
Комиссиянын төрагасынын (төраганын орун басарларынын) суроо-талабы бо-
юнча зарыл маалымат берип турушсун.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда эркин экономикалык зона-
ны жоюунун максатка ылайыктуулугуна толук экономикалык талдоо жүргүзүү
боюнча Өкмөттүк комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-
нүн 2007-жылдын 6-августундагы № 310 токтому;
- "Каракол" эркин экономикалык зонасынын субъекттеринин Балыкчы
шаарындагы жана Тамчы айылындагы участокторго өтүүсү жөнүндө маселени
чечүү боюнча Өкмөттүк комиссия түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-сентябрындагы № 423 токтому.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 1-апрелиндеги
№ 205 токтомуна
тиркеме
Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык
зоналардын ишин изилдөө боюнча
ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
Кыдыров К.Ш. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу-
таты, Комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюн-
ча);
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жа-
на соода министри, Комиссиянын төрагасынын
орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Койчубаков Н.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу-
таты (макулдашуу боюнча);
Бакиров С.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү баш-
каруу боюнча мамлекеттик комитетинин
статс-катчысы;
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жа-
на соода министринин орун басары;
Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин
орун басары;
Курманбеков Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин
орун басары;
Эшенкулов Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар
боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын
орун басары;
Суваналиев С.И. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы коми-
тетинин төрагасынын орун басары;
Жумашев С.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кый-
мылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мам-
лекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Сапарбаев Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамле-
кеттик администрация башчысынын орун басары;
Чаргынов К.С. - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамле-
кеттик администрация башчысынын биринчи орун
басары;
Токтоболотов М.А. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекет-
тик администрация башчысынын орун басары;
Мамедова С.А. - Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мам-
лекеттик администрация башчысынын орун басары;
Тулегабылов Н.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика ко-
митетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу
боюнча);
Исмаилов М.А. - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу
боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси-министр Н.Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-августундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда эркин экономикалык зонаны жоюунун максатка ылайыктуулугуна толук…Постановление · 06.08.2007 · № 310 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-апрелиндеги №262 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна…Постановление · 28.04.2009 · № 262 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-сентябрындагы № 423 "Каракол" эркин экономикалык зонасынын субъекттеринин Балыкчы шаарындагы жана Тамчы айылындагы участокторго өтүүсү жөнүндө…Постановление · 20.09.2007 · № 423
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 23-октябрындагы № 702-IV ""Каракол" эркин экономикалык зонасынын чек араларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана…Постановление · 23.10.2008 · № 702-IV
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-августундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда эркин экономикалык зонаны жоюунун максатка ылайыктуулугуна толук…Постановление · 06.08.2007 · № 310 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.