Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Контролдук (латенттик) маркаларды алуунун, сактоонун, контролдоонун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоого тийиш болгон товарлардын тизмесин жактыруу тууралуу»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 24 июня 2011 года № 341 "О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Положения о порядке получения, хранения, контроля и учета контрольных (латентных) марок и одобрении перечня товаров, подлежащих маркировке контрольными (латентными) марками" от 24 декабря 2008 года № 711"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-06-24.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-июнундагы № 341 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 24-декабры № 711
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Контролдук (латенттик) маркаларды алуунун, сактоонун,
контролдоонун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобону
бекитүү жана контролдук (латенттик) маркалар менен
маркировкалоого тийиш болгон товарлардын
тизмесин жактыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Товарларды контролдук (латенттик) маркалар
менен маркировкалоо жөнүндө" Мыйзамынын 2 жана 4-статьяларына ылайык,
товарлардын айрым түрлөрүн жүгүртүү үчүн эсепке алуунун жана контрол-
доону өркүндөтүү, керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле
контрафакттык товарларды контрабандалык алып келүүлөрдү жана жүгүртүүнү
болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Контролдук (латенттик) маркаларды алуунун, сактоонун, контрол-
доонун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
2. "Контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоого тийиш
болгон товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин токтомунун тиркелген долбоору жактырылсын жана ал беки-
түү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри,
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик коми-
тетинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети-
нин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган токтом дол-
боорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү
болуп дайындалышсын.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул
токтомго ылайык келтиришсин.
5. Контролдук (латенттик) маркаларды алуунун, сактоонун, контрол-
доонун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобо ушул токтом расмий жа-
рыялангандан жана контролдук (латенттик) маркалар менен милдеттүү мар-
кировкаланууга тийиш болгон товарлардын тизмесин Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши бекиткен күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирээри
белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-декабрындагы № 711 "Контролдук (латенттик) маркаларды алуунун, сактоонун…Постановление · 24.06.2011 · № 341
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы №165 "2011-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2012 · № 165 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-сентябрындагы №669 "2011-жылдын январь-сентябры үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.10.2011 · № 669 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-декабрындагы № 711 "Контролдук (латенттик) маркаларды алуунун, сактоонун…Постановление · 24.06.2011 · № 341
- Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндөЗакон · 24.11.2006 · № 187 · Күчүн жоготкон