Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 26-ноябры № 644
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Мамлекеттик социалдык
камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кел-
тирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 19-июлундагы № 316
"Ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштурууга, жоюуга, эмгек
келишимин бузуу учурунда кызмат орундарынын санын кыскартуу боюнча ча-
раларды жүзөгө ашырууга байланыштуу алардан бошотулган пенсия алдындагы
курактагы кызматкерлерге пенсияларды дайындоонун жана төлөөнүн тартиби
жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишканаларды,
мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштурууга, жоюуга, эмгек келишимин бу-
зуу учурунда кызмат орундарынын санын кыскартуу боюнча чараларды жүзөгө
ашырууга байланыштуу алардан бошотулган пенсия алдындагы курактагы кыз-
маткерлерге пенсияларды дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо-
го төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ишкана, мекеме, уюмдардын кайра уюштурулушуна, жоюулушуна жана
кызмат орундарынын санын кыскартуу боюнча иш-чараларга байланыштуу эм-
гек келишими бузулган учурда алардан бошотулган кызматкерлер төмөнкү
тартипте пенсияга чыгууга укуктуу:
- жумуштан бошотулган убакта 61 жашка толгон эркектер - 25 жылдык
камсыздандыруу стажы болгондо;
- жумуштан бошотулган убакта 56 жашка толгон аялдар - 20 жылдык
камсыздандыруу стажы болгондо";
- 9-пунктта "бөлүм" деген сөз "аймактык бөлүмчө" деген сөзгө ал-
маштырылсын;
- бүткүл текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы
Социалдык фонд" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү
жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду" деген сөздөргө
алмаштырылсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн компенсацияларды чектөөнүн жана
төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 752 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-майындагы № 263
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы
жана 2-пункту.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · ага шилтеме бергендер: 5 · байланышкандар: 3
Документке шилтеме берген актылар (5)
- ПОЛОЖЕНИЕ о порядке назначения и выплаты пенсий работникам предпенсионного возраста, высвобождаемым с предприятий, из учреждений и организаций в связи с их реорганизацией…Положение · 19.07.1993 · № 316
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-майы № 263 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөПостановление · 15.05.1999 · № 263
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишкердик ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп…Постановление · 18.12.2017 · № 816
- Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсацияны эсептөө жана төлөө тартиби тууралуу жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-мартындагы № 145 токтому менен…Положение · 23.03.2005 · № 145 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 24 декабря 1997 года N 752 " Об утверждении Положения о порядке назначения и выплаты компенсации за особые условия труда"Постановление · 24.12.1997 · № 752 · Күчүн жоготкон
Документ шилтеме берген актылар (5)
- ПОЛОЖЕНИЕ о порядке назначения и выплаты пенсий работникам предпенсионного возраста, высвобождаемым с предприятий, из учреждений и организаций в связи с их реорганизацией…Положение · 19.07.1993 · № 316
- Постановление Правительства КР от 19 июля 1993 года N 316 "Об утверждении Положения о порядке назначения и выплаты пенсий работникам предпенсионного возраста, высвобождаемым с…Постановление · 19.07.1993 · № 316
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишкердик ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп…Постановление · 18.12.2017 · № 816
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-майы № 263 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөПостановление · 15.05.1999 · № 263
- Постановление Правительства КР от 24 декабря 1997 года N 752 " Об утверждении Положения о порядке назначения и выплаты компенсации за особые условия труда"Постановление · 24.12.1997 · № 752 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- ПОЛОЖЕНИЕ о порядке назначения и выплаты компенсации за особые условия труда (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 24 декабря 1997 года N 752)Положение · 24.12.1997 · № 752 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005- жылынын 23-мартынын № 145 "Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсацияны эсептөө жана төлөө тартиби тууралуу жобону бекитүү…Постановление · 23.03.2005 · № 145 · Күчүн жоготкон