Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кайрылмандын күбөлүгүнүн бланкынын үлгүсүн бекитүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 13-ноябры № 629
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кайрылмандын күбөлүгүнүн бланкынын
үлгүсүн бекитүү жөнүндө
"Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү
мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылай-
ык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- кайрылмандын күбөлүгүнүн бланкынын үлгүсү;
- кайрылмандын күбөлүгүнүн бланкынын сүрөттөмөсү.
2. Кайрылмандын күбөлүгү так отчеттуулук бланктарына кире турган-
дыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча
мамлекеттик комитети белгиленген тартипте кайрылмандын күбөлүгүн даяр-
доону, берүүнү, эсепке алууну жана сактоону камсыз кылсын.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 13-ноябрындагы
N 629 токтому менен
бекитилген
Кайрылмандын күбөлүгүнүн бланкынын
СҮРӨТТӨМӨСҮ
1. Кайрылмандын күбөлүгүнүн бланкы (мындан ары - күбөлүк) мамле-
кеттик жана расмий тилдерде бардык реквизиттери көрсөтүлүү менен бир-
диктүү үлгү боюнча даярдалат.
2. Күбөлүктүн бланкы 84 x 126 мм өлчөмүндө болот жана бүткүл узуну
боюнча жип менен тигилип, номерленген 8 беттен турат (мукабасыз).
3. Күбөлүктүн төмөнкүдөй коргоо белгилери бар:
- суу белгилери бар атайын кагаз;
- бул бланк үчүн гана пайдаланылган татаал тангирлүү торчо;
- бланктын бардык беттеринде өтмө номерлөе;
- атайын көзгө көрүнбөгөн боек (флюореценттик).
4. Күбөлүктүн бланкынын номери ар бир беттин төмөнкү сол бурчунда
жайгашкан, 6 разряддан турган санариптик белгиси бар.
5. Кайрылмандын күбөлүгүнүн мукабасы көгүш түстөгү бышык материал-
дан даярдалат. Мукабанын сыртынын баш жагынын ортосуна Кыргыз Республи-
касынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгашкан, ортосуна баш тамгалар
менен жазылган төмөнкү сөздөр жайгаштырылган:
"КҮБӨЛҮК
УДОСТОВЕРЕНИЕ".
Көрсөтүлгөн жазуулар жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гер-
бинин сүрөтү алтын түстө жазылган (коло фольга менен ныгырылып түшүрүл-
гөн).
6. Күбөлүктүн биринчи бетинин баш жагына жоон шрифттеги баш тамга-
лар менен бир сапка "КАЙРЫЛМАНДЫН КҮБӨЛҮГҮ N _______", андан ылдый
"УДОСТОВЕРЕНИЕ КАЙРЫЛМАНА" деген сөздөр жазылган. Ылдыйраак, биринчи
саптын сол жагында ушул күбөлүктүн ээсинин 3 x 4 мм өлчөмүндөгү сүрөтү
чаптала турган "Сүрөт/Фото" деген сөздөр жайгашкан, ал жерге сүрөт чап-
талгандан кийин гербдүү мөөр басылат.
Ылдыйраак, биринчи саптын оњ жагына төмөнкү сөздөр жайгаштырылган:
"Фамилиясы/Фамилия", "Аты/Имя", "Атасынын аты/Отчество".
Биринчи беттин ортосунун сол жагына төмөнкү сөздер жайгашкан: "Ту-
улган күнү жана жери/Дата и место рождения", "Жынысы/Пол",
"Жарандыгы/Гражданство", "Күбөлүк жарактуу/Удостоверение действи-
тельно с: _____________чейин/по_____________", "Күбөлүктүн берилген кү-
нү жана жери/Дата и место выдачи удостоверения", "Документти берген
мекеме/Орган, выдавший документ", "Миграция жагындагы ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органдын жетекчиси/Руководитель уполномоченного государст-
венного органа в сфере миграции", "Колу/подпись".
Миграция жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси-
нин колу коюла турган сызыкчанын алдында гербдүү мөөр коюу үчүн
"М.О./М.П." деген тамгалар менен белгиленген орун калтырылган.
7. Экинчи бетине төмөнкү сөздөр үч жолудан жайгаштырылган:
"Күбөлүк узартылды/Удостоверение продлено с______________чейин/по
______________", "Миграция жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-
дын жетекчиси/Руководитель уполномоченного государственного органа в
сфере миграции (аймактык органдын жетекчиси/руководитель территориаль-
ного органа)", "Колу/подпись", "М.О./М.П.", ага миграция жагындагы ый-
гарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин/ аймактык органдын же-
текчисинин колу коюлуп, гербдүү мөөр басылат.
8. Үчүнчү жана төртүнчү, бешинчи жана алтынчы беттерге 4 мамычадан
жана 12 саптан турган таблица жайгашкан. Биринчи саптын ар бир мамыча-
сына төмөнкү сөздөр жайгашкан: "N", "Фамилиясы, аты, атасынын
аты/Фамилия, имя, отчество", "Туугандык жайы/Степень родства", "Туулган
жери жана күнү/ Дата и место рождения".
Үчүнчү жана төртүнчү, бешинчи жана алтынчы беттери бүктөлгөн жери-
не, таблицанын үстүндө жоон шрифт менен эки сапка "Кайрылмандын үй-бүлө
мүчөлөрү, ошондой эле анын багуусундагы адамдар/Члены семьи кайрылмана,
а также лица, находящиеся на его иждивении" деген сөздөр жайгашкан.
9. Жетинчи-сегизинчи беттердин баш жагына бир сапка "Өзгөчө
белгилер/Особые отметки" деген сөздөр жайгашкан. Төмөн жагына күбөлүк-
түн ээсинин каттоодон өткөндүгү жөнүндө ички иштер органынын тиешелүү
жазуулары жана штамптары үчүн бош орун калтырылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 13-ноябрындагы
N 629 токтому менен
бекитилген
Кайрылмандын күбөлүгүнүн бланкынын үлгүсү
Образец бланка удостоверения кайрылмана
КАЙРЫЛМАНДЫН КҮБӨЛҮГҮ N ____________
УДОСТОВЕРЕНИЕ КАЙРЫЛМАНА
____________________________________________________
(Фамилиясы/Фамилия)
Сүрөт/Фото ____________________________________________________
(Аты/Имя)
____________________________________________________
(Атасынын аты/Отчество)
Туулган күнү жана жери/Дата и место рождения _____________________
__________________________________________________________________
(Жынысы/Пол) _____________________________________________________
Жарандыгы/Гражданство ____________________________________________
Күбөлүк жарактуу/Удостоверение действительно с: __________________
чейин/по _________________________________________________________
Күбөлүктүн берилген күнү жана жери/Дата и место выдачи удостовере-
ния ______________________________________________________________
Документти берген мекеме/Орган, выдавший документ ________________
__________________________________________________________________
Миграция жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси/
Руководитель уполномоченного государственного органа в сфере миг-
рации ____________________________________________________________
Колу/подпись
_____________________
М.О./М.П.
N 000000 1
Күбөлүк узартылды/Удостоверение продлено: с ______________________
чейин/по _________________________________________________________
Миграция жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси/
Руководитель уполномоченного государственного органа в сфере миг-
рации (аймактык органдын жетекчиси/руководитель территориального
органа) __________________________________________________________
Колу/подпись
_____________________
М.О./М.П.
Күбөлүк узартылды/Удостоверение продлено: с ______________________
чейин/по _________________________________________________________
Миграция жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси/
Руководитель уполномоченного государственного органа в сфере миг-
рации (аймактык органдын жетекчиси/руководитель территориального
органа) __________________________________________________________
Колу/подпись
_____________________
М.О./М.П.
Күбөлүк узартылды/Удостоверение продлено: с ______________________
чейин/по _________________________________________________________
Миграция жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси/
Руководитель уполномоченного государственного органа в сфере миг-
рации (аймактык органдын жетекчиси/руководитель территориального
органа) __________________________________________________________
Колу/подпись
_____________________
М.О./М.П.
N 000000 2
Кайрылмандын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой
эле анын багуусундагы адамдар/
Члены семьи кайрылмана, а также лица,
находящиеся на его иждивении
| N | Фамилиясы, аты, | Туугандык жайы/ | Туулган жери жана күнү/ |
| атасынын аты/ | Степень родства | Дата и место рождения | |
| Фамилия, имя, отчество |
N 000000 3-4
Кайрылмандын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле
анын багуусундагы адамдар/
Члены семьи кайрылмана, а также лица,
находящиеся на его иждивении
| N | Фамилиясы, аты, | Туугандык жайы/ | Туулган жери жана күнү/ |
| атасынын аты/ | Степень родства | Дата и место рождения | |
| Фамилия, имя, отчество |
N 000000 5-6
Өзгөчө белгилер/Особые отметки
N 000000 7
Өзгөчө белгилер/Особые отметки
N 000000 8
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, анын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга…Стандарт · 23.10.2025 · № 291
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, анын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга…Стандарт · 25.12.2023 · № 2 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-майындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү…Постановление · 14.05.2015 · № 292 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөЗакон · 26.11.2007 · № 175