Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жер бетиндеги транспорт каражаттарынын коопсуздугу» Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 11-ноябры № 623
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Жер бетиндеги транспорт каражаттарынын коопсуздугу"
Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына жана "Кыргыз
Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. "Жер бетиндеги транспорт каражаттарынын коопсуздугу" Кыргыз
Республикасынын жалпы техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республика-
сынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри
аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган
учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жер бетиндеги транспорт каражаттарынын коопсуздугу"
Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти
Бул Жалпы техникалык регламент (мындан ары - Регламент) "Кыргыз
Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана жер бетиндеги
транспорт каражаттарынын жана алардын компоненттеринин (мындан ары -
жер бетиндеги транспорт каражаттары) коопсуздугуна карата коюлуучу ми-
нималдуу талаптарды белгилейт жана Кыргыз Республикасынын техникалык
регламенттеринин талаптарын жер бетиндеги транспорт каражаттарынын ко-
опсуздугу жагындагы практикага жана эл аралык талаптарга максималдуу
шайкеш келишин камсыз кылуу максатын көздөйт.
1-статья. Колдонуу чөйрөсү
Бул Регламент коргонуу максатында пайдалануу үчүн арналган же мам-
лекеттик сырды түзүүчү объекттерге таандык жер бетиндеги транспорт ка-
ражаттарынан, ошондой эле жер бетиндеги транспорт каражаттары Кыргыз
Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен ташып өткөрүлгөн учурлар-
дан тышкары ушул Регламенттин 2-статьясында көрсөтүлгөн жана Кыргыз
Республикасынын аймагында чыгарылган, киргизилген же пайдаланган жер
бетиндеги транспорт каражаттарына карата колдонулат.
2-статья. Пайдалануучу терминдер
Арыздануучу - жеке же юридикалык жак, анын арызы боюнча шайкештик-
ти баалоо иштери аткарылат.
Конструкцияны өзгөртүү - ар түрдүү техникалык же эксплуатациялык
мүнөздөмөнүн өзгөрүшүнө алып келүүчү жер бетиндеги транспорт каражатта-
рынын конструкциясынын өзгөрүшү.
Жер бетиндеги транспорт каражаттарынын категориялары:
- l категориясы - эки же үч дөњгөлөктүү мотору бар жер бетиндеги
транспорт каражаттары (мотоциклдер, скутерлер);
- М категориясы - күч установкасы менен кыймылга келүүчү кеминде
төрт дөњгөлөктүү жана жүргүнчүлөрдү ташууга арналган, жер бетиндеги
транспорт каражаттары;
- N категориясы - күч установкасы менен кыймылга келүүчү кеминде
төрт дөњгөлөктүү жана жүк ташууга арналган жер бетиндеги механикалык
транспорт каражаттары;
- О категориясы - чиркегичтер жана жарым чиркегичтер;
- атайын багыттагы жер бетиндеги транспорт каражаттары - атайын
компановкалоону же жабдууну талап кылуучу атайын функцияларды аткаруу
үчүн арналган М, N же О категориясындагы жер бетиндеги транспорт кара-
жаттары;
- Т категориясы - күч установкасы менен кыймылга келүүчү
дөњгөлөктүү же гусеницалуу, кеминде 2 огу бар, алардын иштеши негизинен
сүйрөткүч кубаттуулугунан көз каранды жана чиркеп жетелөө, түртүү, та-
шуу же кандайдыр бир орнотмону же жабдууну, машиналарды же чиркегичтер-
ди кыймылга келтирүү үчүн арналган айыл же токой чарбада пайдалануу
үчүн багытталган айыл чарба жана токой чарба тракторлору. Мындай трак-
торлор жүк жана адамдарды ташууга ыњгайлаштырылышы мүмкүн;
- G категориясы - М жана N категориясындагы жол тандабай жүрүүчү
жер бетиндеги транспорт каражаттары.
Компонент - запас тетиктерди кошкондо жер бетиндеги транспорт ка-
ражаттарынын корпусуна, анын конструкциясына ылайык орнотулган кандай
болбосун агрегат, бөлүк же жабдык.
Типти жактыруу - түзүүчү мамлекеттин же учурга жараша даярдоочу
мамлекеттин сертификат берүү боюнча орган тарабынан берилген конструк-
цияга карата жер бетиндеги транспорт каражатынын тибинин жана анын
конструкциясынын белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоо.
Аккредитациялоо боюнча орган - аккредитациялоону өткөрүүчү ыйгарым
укуктуу орган.
Таануу - шайкештикти баалоо башка мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн
жыйынтыкты туура деп табуу.
Каттоо жөнүндө күбөлүк - жер бетиндеги транспорт каражаты укуктук
орган менен катталганын билдирген документ.
Техникалык кароо - транспорт каражатынын кароо, анын техникалык
документтерин текшерүү, жана зарыл учурларда ушул жер бетиндеги транс-
порт каражатынын текшерүү жана/же сыноо аркылуу, техникалык регламент-
тердин талаптарына шайкештиги, анын ичинде техникалык регламенттин та-
лаптарында белгиленген анын комплекттелишин же тиешелүү жабдыктар, до-
кументтер жана коопсуздук каражаттар менен камсыздалгандыгын белгилөөчү
жол-жобо.
Утилдештирүү - жер бетиндеги транспорт каражатын башка багыты бо-
юнча пайдалануу, кайра иштетүү, жок кылуу, көмүү же аны колдонуу
мүмкүнчүлүгү четтетилген же анын конструкциясында аныкталган багыты бо-
юнча пайдалануудан тышкары, аны кандай болбосун максаттарда коопсуз
пайдаланышын камсыз кылган учурдагы абалга келтирүү.
3-статья. Жалпы талаптар
Жер бетиндеги транспорт каражаттарынын коопсуздугунун жалпы талап-
тарына төмөнкүлөр кирет:
- жер бетиндеги транспорт каражатынын дөњгөлөк жана шина конструк-
циялары, токтотуу системасы, ошондой эле башкаруу системасы, жолдун жа-
на анын катмарынын абалынын эсептик параметрлеринде кыймылдын эсептик
ылдамдыгында аны пайдаланууда жер бетиндеги транспорт каражатынын ток-
тошун же жүрүү ылдамдыгын азайышын ушундай белгиге чейин жана жүрүүнүн
мындай өзгөрүшү кайсы бир башка объект менен кагылыш мүмкүндүгү четте-
тилген, ал эми кагылыш болсо техникалык регламентте белгиленген кооп-
суздуктун минималдуу дењгээли камсыздалат;
- жер бетиндеги ушул транспорт каражатындагы эксплуатациялык пер-
соналдын кабинасынын жана салондун же жүргүнчүлөр үчүн отсектин, отур-
гучтардын жана коопсуздук курунун конструкциясы, эшиктердин конструкци-
ясы, саны жана жайгашкан орду, авариялык куткаруучу каражаттар жана
жабдуулар, балдарды жана кооптуу жүктү ташуу үчүн атайын жабдуу, корго-
нуу жана өмүрдү сактоо каражаттары, ошондой эле анда колдонуу үчүн ка-
ралган авариялык жол-жоболор, анын башка бир объекти менен кагылышкан
учурда, авария же авариялык кырдаалда техникалык регламентте белгилен-
ген коопсуздуктун минималдуу дењгээлин, ошондой эле авария болгондо тез
арада анын ичинен адамдарды коопсуз эвакуациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз-
дайт;
- жер бетиндеги транспорт каражатынын өрткө каршы системасы техни-
калык регламентте белгиленген тез аранын ичинде анда пайда болгон өрттү
өчүрүүнү камсыздайт;
- жер бетиндеги транспорт каражатындагы эксплуатациялык персонал-
дын кабинасынын конструкциясы баардык тараптар боюнча сырткы мейкиндик-
тин баяндамасын камсыздайт;
- жер бетиндеги транспорт каражатынын электрдик, күйүүчү, гидрав-
ликалык, пневматикалык, газдык же ар түрдүү башка системалары талкалан-
ган же бузулган учурда жер бетиндеги ушул транспорт каражатынын кооп-
суздугу сакталат;
- жер бетиндеги транспорт каражатынын кыймылдаткычынан чуу жана
кыймылдаткычынан чыккан зыян заттардын курамы техникалык регламенттин
талаптарында белгиленген чектерде табылат;
- жер бетиндеги транспорт каражаты тиешелүү системалар же жабдуу
тыштан чыккан электр-магниттик ар түрдүү сигналдын терс таасиринен жер
бетиндеги ушул транспорт каражатынын системасын же жабдуусун коргоо,
ошондой эле андан чыккан электр-магниттик ар түрдүү сигналдын жер бе-
тиндеги башка транспорт каражатынын же өзүнүн иштеши үчүн электр-маг-
ниттик сигналды пайдалануучу башка ар түрдүү объектинин иштешине терс
таасирин четтетүү үчүн түзүлөт же жабдылат;
- жер бетиндеги транспорт каражаттарынын маалыматты контролдоочу
же чагылдыруучу же берүүчү системасы сырткы энергия же сигналдын мүмкүн
болуучу таасиринен алардын нормалдуу иштешинин бузулушуна же баш тарт-
поосуна коргоо салынган;
- жер бетиндеги транспорт каражатынын өмүр сактоочу системасы экс-
плуатациялык персоналдын кабинасында жана салонунда же жүргүнчүлөр үчүн
отсекте абанын эксплуатациялык персоналдын жана жүргүнчүлөрдүн нормал-
дуу физиологиялык абалын сактоочу параметрлерин камсыздайт, мында жер
бетиндеги ушул транспорт каражатын коопсуз эксплуатациялоо жана анда
болуу камсыздалат;
- жер бетиндеги транспорт каражаты техникалык регламентте белги-
ленген коопсуздуктун минималдуу дењгээлин камсыздоочу жарыктандыруу жа-
на угулуучу жана көрүнүүчү сигнализациянын бардык каражаттары менен
жабдылган;
- жер бетиндеги транспорт каражаты укуксуз пайдаланууга каршы ор-
нотмо, система жана/же каражат менен жабдылган;
- жер бетиндеги транспорт каражатынын көлөмү аны эксплуатациялоодо
жол коопсуздугуна коркунуч туудурбайт;
- жер бетиндеги транспорт каражатынын сырткы көрүнүшү, көлөмү,
башкаруу органдарынын жана маалымат чагылдыруу каражатынын жайгашкан
орду жана түзүлүшү маалымат чагылдыруу каражаттарынын көрсөткүчтөрүнүн
туура окулушун камсыздайт жана жер бетиндеги транспорт каражатын экс-
плуатациялоодо коопсуздукка коркунучтун келип чыгышы мүмкүн болуучу
эксплуатациялык персоналды башкаруудан алаксытуу мүмкүнчүлүгүн четте-
тет.
- жер бетиндеги транспорт каражатынын конструкциясында колдонулуу-
чу материалдар күйгөн же башка заттардын же буюмдардын аларга болгон
механикалык же химиялык таасиринде айлана-чөйрөнүн коопсуздугуна жана
жер бетиндеги ушул транспорт каражатындагы адамдардын өмүрүнө же ден
соолугуна коркунучун тийгизбейт.
4-статья. Маалыматка болгон талаптар
1. Жер бетиндеги ар бир транспорт каражаты төмөнкүлөр менен жабды-
лат же төмөнкүлөрү болот:
- жер бетиндеги ушул транспорт каражатын коопсуз эксплуатациялоону
жана техникалык тейлөөнү камсыздоочу мамлекеттик же расмий тилдеги нус-
кама, колдонмо же башка эксплуатациялык же техникалык документтер же
маалымат;
- тийиштүү түрдө бекитилген жана окуганга ылайыктуу жерде жайгаш-
кан жер бетиндеги ушул транспорт каражатынын тиби, модели, сериялык жа-
на идентификациялык башка номери же белгиси жөнүндөгү өрттүн же химия-
лык реакциянын таасиринде өчпөгөн маалыматты камтыган атайын табличкасы
болуш керек;
- каттоо жөнүндө күбөлүк же каттоо жөнүндө күбөлүктү алмаштырган
башка документ;
- тиешелүү техникалык регламент талап кылынган учурда жер бетинде-
ги ушул транспорт каражатынын шайкештик сертификатын атайын талаптарга
алмаштыруучу шайкештик сертификаты же башка документ.
2. Жер бетиндеги транспорт каражатынын өзүнчө алып келинген ар бир
компоненти төмөнкүлөр менен жабдылат же төмөнкүлөрү болот:
- эгер бул компоненттин эксплуатациясы жана анын техникалык
тейлөөсү, бул компонент орнотулган жер бетиндеги транспорт каражатынын
болгон эксплуатациялык жана техникалык документтерде эскертилбеген бол-
со, жер бетиндеги ушул транспорт каражатын коопсуз эксплуатациялоону
жана техникалык тейлөөнү камсыздоочу мамлекеттик же расмий тилдеги нус-
кама, колдонмо же башка эксплуатациялык же техникалык документтер же
маалымат;
- тиешелүү техникалык регламент талап кылынган учурда жер бетинде-
ги ушул транспорт каражатынын шайкештик сертификатын атайын талаптарга
алмаштыруучу шайкештик сертификаты же башка документ.
Мурун катталбаган же тибин жактыруу же Кыргыз Республикасында ти-
бин жактырууну таануу жол-жобосу ага карата жүргүзүлбөгөн жер бетиндеги
транспорт каражатынын тибин Кыргыз Республикасына алгач ташып келүүдө
жер бетиндеги транспорт каражатынын ушул тибин ташып келүүчү адам же
берүүчү сертификациялоо боюнча органга жер бетиндеги транспорт каража-
тынын ушул тибин иштеп чыгаруучу мамлекеттин же учурга жараша даярдоочу
мамлекеттин берилген тибин жактыруунун көчүрмөсүн берет. Тибин жактыруу
жөнүндө берилген документи, кайра ошондой типтеги жер бетиндеги транс-
порт каражатын кийин алып келүүдө талап кылынбайт.
Жер бетиндеги транспорт каражатына жана алардын компоненттерине
эксплуатациялык жана техникалык документтерди иштеп чыгуу үчүн жоопкер-
чилик жер бетиндеги ушул транспорт каражатын жана/же компонентин иштеп
чыгуучуга же даярдоочуларга жүктөлөт.
Алып келинүүчү жер бетиндеги транспорт каражатынын жана анын ком-
поненттеринин эксплуатациялык жана техникалык документтеринин болушу,
алардын ырастуулугу жана тууралыгы үчүн жоопкерчилик жер бетиндеги ушул
транспорт каражатын жана/же компонентин берүүчүгө жүктөлөт.
5-статья. Техникалык тейлөөгө жана ремонтко болгон талаптар
Жер бетиндеги транспорт каражатын техникалык тейлөө же оњдоо жер
бетиндеги ушул транспорт каражатын иштеп чыгаруучунун жана/же учурга
жараша даярдоочунун документтерине ылайык жана техникалык регламентте
белгиленген талаптарга анын шайкештигин камсыздагыдай жүргүзүлөт.
6-статья. Утилдештирүүгө карата талаптар
1. Жер бетиндеги транспорт каражаттарын утилдештирүү ал процесстин
жана анын кесепеттеринин адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой
эле айлана чөйрөнүн абалынын коопсуздугун камсыздоочу утилдештирүүнүн
жол-жоболорунун белгиленген техникалык регламентине ылайык утилдештирүү
боюнча ишкана же уюм тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. Жер бетиндеги транспорт каражатын утилдештирүү төмөнкү методдор
боюнча жүргүзүлөт:
- иштеп чыгаруучу жана/же жасоочу караган башка максатта жер бе-
тиндеги транспорт каражаты пайдаланылышы мүмкүн болгон шартта жер бе-
тиндеги транспорт каражатынын багытын өзгөртүү менен башка максатта
пайдалануу;
- кайра иштеп чыгуу, анын натыйжасы энергия, сырье жана/же башка
материалдарды алуу болуп эсептелет;
- иштеп чыгуучу жана/же жасоочу тарабынан каралган жер бетиндеги
транспорт каражатынын касиетин жана белгисин жоюу;
- жер бетиндеги транспорт каражатына атайын жасалбаган же уруксат
берилбеген жагдай алынган жана таштандыларды көмүү жери кайсы бир башка
максаттарда колдонулган же айлана-чөйрөгө же адамдын ден соолугуна кор-
кунуч же тоскоолдук кылбаган таштандыларды көмүү.
3. Жер бетиндеги транспорт каражаттарынын таштандыларын көмүү ар-
кылуу утилдештирүүгө башка жол менен аны утилдештирүүнүн мүмкүн эмес же
максатка ылайык эмес болгон учурда жол берилет. Радио активдүү, адам же
айлана-чөйрө үчүн агрессивдүү же коркунучтуу, химиялык же башка заттар
же буюмдарды камтыган жер бетиндеги транспорт каражаттарынын таштанды-
ларын көмүү, чирип жок болуу жана реакцияга кирүү продуктуларынын ат-
мосферага болгон таасирин четтеткен, бул үчүн атайын багытталган жана
даярдалган жерде жүргүзүлөт.
4. Жер бетиндеги транспорт каражатынын таштандыларын утилдеш-
тирүүнүн алдында аны утилдештирүү процессинде жарылуунун, өрт чыгуунун,
радиоактивдүү нурлануу, адам же айлана-чөйрө үчүн агрессивдүү же корку-
нучтуу, химиялык же башка продуктулардын, ошондой эле ар түрдүү ушул
сыяктуу коркунучтун пайда болушунун алдын алуучу тиешелүү даярдык
көрүүчү иштер аткарылат. Бул максаттарга кеминде төмөнкүлөр зарыл бо-
лот:
- жер бетиндеги транспорт каражаттарын бардык энергия же азыктан-
дыруу булактарынан өчүрүү, анын ичинде компонеттердин конструкциясына
жараша чыњалуу бар болгон жерде жер бетиндеги транспорт каражатынын
компонеттеринен калдык чыњалууну жоюу;
- жер бетиндеги транспорт каражатында бар болуучу өзү жүргөн те-
тиктерин алып салуу;
- жер бетиндеги транспорт каражаттарынын курамындагы жарылуучу жа-
на жењил өрттөнүүчү тетиктерди же заттарды алып салуу;
- адам дем алганда жана жаратылышка терс таасирин тийгизген буула-
нуучу заттарды жана учуучу абалга келүүчү заттарды жана материалдарды
алып салуу;
- жер бетиндеги транспорт каражаттарынын системасындагы басымды
айлана-чөйрөнүн же утилдештирүү жүргүзүлүп жаткан чөйрөнүн басымына
келтирүү.
- жер бетиндеги транспорт каражатынын кайсы бир тетигиндеги темпе-
ратурасын коопсуздук температурасына жеткирүү.
5. Жер бетиндеги транспорт каражаттарын утилдештирүү, ошондой эле
утилдештирүүдө пайда болгон таштандыларды иштетүү тартиби, мындай иш
чаралардын жана алардын кесепетинин коопсуздугун камсыздоочу техникалык
регламентте белгиленген жол-жоболорго, ошондой эле айлана-чөйрөнү кор-
гоо жана/же өндүрүш калдыктарын иштетүү жана утилдештирүүнү жөнгө салу-
учу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аткарылат.
7-статья. Атайы талаптар
Бул Регламентте көрсөтүлбөгөн жер бетиндеги транспорт каражаттары-
на болгон керектүү атайы талаптар же коопсуздук параметрлер, ушул Рег-
ламентке ылайык түзүлгөн атайын техникалык регламентте эскерилет. Мын-
дай регламенттердин тизмеси төмөнкүлөргө карата талаптар менен чекте-
лет:
- бул Регламенттин 2-статьясына ылайык жер бетиндеги транспорт ка-
ражаттарына;
- бул Регламенттин 3-статьясына көрсөтүлгөн системаларга, жабдык-
тарга, жол-жоболорго жана талаптарга.
8-статья. Шайкештикти баалоо
Шайкештикти баалоо төмөнкү формаларды колдонуу менен жүргүзүлөт:
- милдеттүү сертификация;
- тибин жактыруу;
- каттоо;
- техникалык кароо;
- мамлекеттик көзөмөл.
Техникалык регламенттин белгиленген талаптарына жер бетиндеги
транспорт каражатынын шайкештиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте кабыл алынган сертификаттоо боюнча орган берген же
шайкештик жөнүндө декларация менен тастыкталат.
Бир эле типтеги транспорт каражатынын партиясынын шайкештигин баа-
лоого суроо-талап келип түшкөн учурда шайкештикти баалоо боюнча орган
жер бетиндеги транспорт каражаттарынын ушул партиядагы тандап алынган
экземплярынын шайкештигин баалоо иштерин жүргүзөт.
Жер бетиндеги транспорт каражатынын тибин жана анын конструкциясы
техникалык регламенттин белгиленген талаптарына шайкештигин аныктоо
түзүүчү мамлекеттин же учурга жараша даярдоочу мамлекеттин сертификат
берүү боюнча органы тарабынан берилген типти жактыруу менен ырасталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү шайкештикти баалоону аткаруу макса-
тында техникалык текшерүүлөрдү жана изилдөөлөрдү аткарууга тиешелүү
техникалык жана башка мүмкүнчүлүгү бар белгиленген тартипте аккредит-
телген уюмга ыйгарым укук берет.
Жер бетиндеги транспорт каражатына башка мамлекет тарабынан берил-
ген типти жактыруу же шайкештик сертификаты, мындай жактырууну же шай-
кештик сертификатты берүүгө талаптар Кыргыз Республикасынын техникалык
регламенттеринин белгиленген талаптарына ылайык келген шартында гана
Кыргыз Республикасында таанылышы мүмкүн.
Өндүрүүчү ал чыгарган жер бетиндеги ар бир транспорт каражатынын
конструкциясынын бекитилген тибине шайкештигин камсыздоо жана аны тас-
тыктоо үчүн жооптуу болот. Бул жободо шайкештикти текшерүү боюнча ор-
гандын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тандап
алынма текшерүү жолу менен техникалык регламентте белгиленген талаптар-
ды өндүрүүчү сактап келе жаткандыгын, ал эми жер бетиндеги транспорт
каражаты конструкциянын бекитилген тибине учурда да шайкеш келерин тас-
тыктап алуу укугу алынбайт.
Шайкештикти баалоо боюнча орган шайкештикти баалоого арыз келип
түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде, шайкештикти баалоо
жол-жоболорун өткөрөт жана анын жыйынтыгы боюнча арыз ээсине билдирет.
Эгер шайкештикти баалоо үчүн кошумча убакыт талап кылынса, шайкештикти
баалоо боюнча орган ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттө мындай кошумча
убакыттын зарылдыгын негиздөө менен арыз ээсине билдирет.
Сертификаттоо боюнча орган, алар менен берилген, токтотулган жана
жокко чыгарылган тибин же бул типти жактыруу жөнүндө документтин, жер
бетиндеги транспорт каражатынын тизмесин ушул айдын ичинде чыгарат.
Жер бетиндеги транспорт каражатынын тибинин конструкциясын
өзгөртүүдө, мындай өзгөртүүлөрдү аткарган иштеп чыгаруучу, даярдоочу же
уюм шайкештикти баалоо боюнча органга жањы тибин жактырууга же мурда
жактырылган тибине кошумча арыз берет.
Жер бетиндеги транспорт каражатынын өзгөртүүлөр жөнүндө баардык
маалыматтары жер бетиндеги бул транспорт каражатын каттоо жөнүндө
күбөлүгүнө киргизилет.
Сертификаттоого катышкан жана коммерциялык сыр болуп жарыяланган
маалымат берилген ар бир адам, ушул коммерциялык сырды сактоонун
сүйлөшүлгөн шарттарын карманууну камсыздайт.
9-статья. Каттоо
Кыргыз Республикасында чыгарылуучу, ташып киргизилүүчү жана экс-
плуатациялануучу жер бетиндеги бардык транспорт каражаттары Кыргыз Рес-
публикасынын жер бетиндеги транспорт каражатынын тиешелүү реестринде
мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш, буга Кыргыз Республикасында аймагы
аркылуу мындай транспорттук каражаттар транзиттик жол менен өтүү кир-
бейт.
Кыргыз Республикасында жер бетиндеги транспорт каражаттарын каттоо
же эсепке алуу Кыргыз Республикасында жер бетиндеги транспорт каражат-
тарын каттоо боюнча функциясы жүктөлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу орган-
га жүктөлөт.
Каттоо жөнүндө күбөлүк жер бетиндеги транспорт каражаттар тууралуу
төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- тиби, маркасы/модели;
- иштеп чыгаруучу же/жана өндүрүүчү;
- чыгарылган датасы;
- сериялык номери же башка идентификациялык белгиси;
- негизги конструктивдик же эксплуатациялык маалыматтары;
- техникалык абалы (штамп, белги же техникалык текшерүүнүн жыйын-
тыктары жөнүндө башка белги);
- каттоо датасы;
- каттоо органы;
- каттоо белгилери (мамлекеттик номердик белги);
- эксплуатант/ээси (аты-жөнү/уюмдун аталышы).
Жер бетиндеги ушул транспорт каражатына берилген каттоо жөнүндө
күбөлүк, каттоо белгилер жана башка документтер ал утилдештирилгенден
кийин ушул документти берген же сактоо үчүн жооптуу тиешелүү органга
ээси же эксплуатант тарабынан кайтарып берилет, аталган орган белгилен-
ген жол-жоболорго жана эрежелерге ылайык жокко чыгаруу же сактоо
жөнүндө чечимди белгиленген тартипте кабыл алат. Бул пунктта аталган
документтерди кайтарып берүү, жокко чыгаруу же сактоого өткөрүп берүү,
эгерде буга тиешелүү мыйзамдарда же эрежелерде жол берилсе утилдештирүү
жол-жобосуна чейин жүргүзүлүшү мүмкүн.
10-статья. Техникалык текшерүү
1. Жер бетиндеги транспорт каражаттарын техникалык текшерүүлөр
төмөнкү мөөнөттө жана учурларда жүргүзүлөт:
- жер бетиндеги баардык транспорт каражаттары - Кыргыз Республика-
сында жер бетиндеги ушул транспорт каражатын каттоодо, жана тиешелүү
түрдө ушул пункттун 3 жана 4-абзацтарында көрсөтүлгөн мөөнөттө;
- жылына 1 (бир) жолу кооптуу жүк ташуучу М жана N категориясында-
гы жер бетиндеги транспорт каражаттары;
- ушул пункттун үчүнчү абзацына кирбеген жер бетиндеги баардык
башка транспорт каражаттары - 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу.
Жер бетиндеги транспорт каражаттарынын техникалык текшерүүлөрү
техникалык регламенттин белгиленген талаптарына ылайык тиешелүү ыйгарым
укуктуу орган же уюм тарабынан аткарылат.
Ушул Регламентте каралган техникалык текшерүүлөрдү өткөрүүгө жооп-
керчилик жер бетиндеги ушул транспорт каражатын эксплуатациялоодо экс-
плуатантка жүктөлөт.
11-статья. Кайталоочу текшерүүлөрдү өткөрбөө
Шайкештикти текшерүүдө жер бетиндеги транспорт каражаттарынын па-
раметрлеринин бири бирин текшерүүгө жол берилбейт, эгер:
- мындай текшерүүлөр сертификаттоодо, тибин жактырууда, каттоодо
же техникалык кароодон өтүүдө мурда жүргүзүлсө;
- бул Регламентте каралган кезектеги текшерүү мөөнөтү текшерүү ке-
ле элек болсо;
- мурунку текшерүүлөрдүн маалыматтары же натыйжалары ушул конк-
реттүү текшерүүнүн максаты үчүн колдонулса.
Тибин жактыруу берилген учурда жер бетиндеги транспорт каражатта-
рынын тибинин шайкештигин баалоо ушул Мыйзамдын 3-статьясында жана
4-статьясынын 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн
талаптарга карата жүргүзүлөт.
Каттоодо жер бетиндеги транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо
төмөнкүлөрдө көрсөтүлгөн талаптарга карата жүргүзүлөт:
- 3-статьянын жетинчи абзацында - жер бетиндеги транспорт каража-
тынын кыймылдаткычынан чыккан зыян заттардын дењгээли техникалык регла-
ментте белгиленген талаптарга шайкеш келишине карата;
- 4-статьянын 1-пунктунда.
Бул тиешелүү техникалык регламентте каралган сертификатоодо жер
бетиндеги транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо 3-статьянын же-
тинчи абзацында - жер бетиндеги транспорт каражатынын кыймылдаткычынан
чыккан зыян заттардын дењгээли техникалык регламентте белгиленген та-
лаптарга шайкеш келишине карата жүргүзүлөт.
Техникалык текшерүүлөрдө жер бетиндеги транспорт каражаттарынын
шайкештигин баалоо төмөнкүлөрдө көрсөтүлгөн талаптарга карата
жүргүзүлөт:
- 3-статьянын экинчи абзацында - техникалык регламенттин белгилен-
ген талаптарына ылайык дөњгөлөктөрдүн жана шиналардын, токтотуу систе-
масынын, башкаруу системасынын оњ болушуна жана жарактуулугуна карата;
- 3-статьянын үчүнчү абзацында - жер бетиндеги ушул транспорт ка-
ражатындагы эксплуатациялык персоналдын кабинасынын жана салондун же
жүргүнчүлөр үчүн отсектин, отургучтардын жана коопсуздук курунун, эшик-
тердин, авариялык куткаруучу каражаттар жана жабдуулар, балдарды жана
кооптуу жүктү ташуу үчүн атайын жабдуу, коргонуу жана өмүрдү сактоо ка-
ражаттары, ошондой эле анда колдонуу үчүн каралган авариялык жол-жобо-
лор техникалык регламенттин белгиленген талаптарына ылайык жана/же тех-
никалык оњ абалынын болушуна карата;
- 3-статьянын төртүнчү, алтынчы, тогузунчу, онунчу, он биринчи, он
экинчи, он төртүнчү абзацтарында - бул пункттарда көрсөтүлгөн система-
лардын туруктуу иштешине карата;
- 4-статьянын 1-пунктунда - бул пункттун талаптарын аткарууга ка-
рата.
12-статья. Көзөмөл
Көзөмөлдүн максаты техникалык регламенттердин талаптарынын аткары-
лышын камсыздоо болуп эсептелет.
Ушул Регламенттин талаптарын сактоо үчүн көзөмөлдөөнү жер бетинде-
ги транспорт каражаттарынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ат-
карат. Көзөмөлдөө боюнча органдын функциялары жана укуктары Кыргыз Рес-
публикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында белгиленет.
13-статья. Регламентти бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу, мындай жер бетинде-
ги транспорт каражатынын ээсинин, эксплуатантынын, иштеп чыгуучунун,
даярдоочунун, сатуучунун, берүүчүнүн же ага карата кайсы бир башка жак-
тын жоопкерчилиги ушул Регламент, ошондой эле башка мыйзамдар жана
ушундай учурда колдонулуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук ак-
тылары менен жөнгө салынат.
Типти жактыруучунун ээси:
- жер бетиндеги транспорт каражаттарынын бекитилген типке шайкеш-
тиги үчүн ички контроль системасынын бар болушун камсыз кылат;
- ар бир транспорт каражаттарынын бекитилген типке шайкештигин
текшерүү үчүн зарыл болгон контролдоочу жабдууларга кирүү
мүмкүнчүлүгүнө ээ;
- сыноолордун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды каттоону жана берил-
ген тиркелген документтердин 10 жылдын ичинде сакталышын камсыздайт;
- өнөр жай өндүрүшүнүн шарттарында жол берилүүчү четтөөлөрдү эске
алуу менен жер бетиндеги транспорт каражаттарынын туруктуу
мүнөздөмөлөрүн текшерүү жана камсыздоо максатында өткөрүлгөн сыноонун
ар бир тибинин жыйынтыктарын талдайт.
14-статья. Корутунду жоболор
Бул Регламент күчүнө киргенге чейин кабыл алынган жана жер бетин-
деги транспорт каражаттарынын коопсуздугун жөнгө салуучу Кыргыз Респуб-
ликасынын баардык ченемдик укуктук актылары, ушул Регламенттин талапта-
рына каршылык кылбаган учурда колдонулат, ал эми эгерде ушул Регламент-
тин талаптарына каршылык кылса, ушул Регламент күчүнө кирген күндөн
баштап 12 (он эки) айдын ичинде кайра кароого же жоюлууга тийиш.
Бул Регламент жарыялангандан күндөн тартып 18 (он сегиз) ай
өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бул Регламенттин 4-статьясынын 1-пунктунун экинчи, үчүнчү, бешинчи
абзацтары жана 2-пункту 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 2-апрелиндеги № 1081-IV ""Жер үстүндөгү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" Кыргыз…Постановление · 02.04.2009 · № 1081-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламентЗакон · 29.12.2008 · № 280 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон