Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 16-октябры № 582
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.С.Исабеков
тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык
кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген ко-
рутунду жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 13-октябрындагы
№ 582 токтому менен
жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты
К.С.Исабеков тарабынан демилге кылынган "Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча
төмөнкүлөрдү белгилейт.
2007-жылдын 25-майындагы № 72 "Ишкердик субъекттерин текшерүү жүр-
гүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык соци-
алдык чегерүүлөрдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тууралыгын текшерүү Кыргыз
Республикасынын Социалдык фондунун компетенциясына кире тургандыгын жа-
на Кыргыз Республикасынын жањы Салык кодексинин долбоорунда бул функция
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун карамагында калгандыгын эске
алуу менен Мыйзам долбоорунун 1-статьясынын 1-пунктун төмөнкүдөй редак-
цияда берүүнү сунуш кылабыз:
"1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын органдары
- салык мыйзамдарынын сакталышын, салыктарды эсептөөнүн тууралыгын жана
бюджетке өз убагында которулушун контролдоону камсыздоо, Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык салык төлөөчүлөр-
дүн салыктык милдеттенмелерди аткарышына көмөк көрсөтүү боюнча аткаруу-
чу функцияларды ишке ашыруучу салык органдарынын бирдиктүү системасы".
Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча "СКМК" аббревиатурасы "ый-
гарым укуктуу салык органы" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө
алмаштырылсын.
Мыйзам долбоорунун 1-статьясынын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы
абзацтар менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу салык органынын чет өлкөлөрдө анын компетенциясы-
на кирүүчү маселелер боюнча иш жүргүзүүчү өкүлчүлүгү (өкүлдөрү) болушу
мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын алдындагы
өкүлчүлүктүн (өкүлдөрүнүн) иш-аракеттеринин конкреттүү укуктук нормала-
ры жана уюштуруу негиздери, функциялары жана каражаттарын түзүү булак-
тары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Ыйгарым укуктуу салык органынын алдында салык ишинде адистерди да-
ярдоону, кайра даярдоону, квалификациясын жогорулатууну ишке ашыруучу
окутуу борбору иштейт. Окутуу борборунун иш-аракетинин укуктук жана
уюштуруучулук негиздери, функциялары жана каражаттарын түзүү булактары
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу салык органы
тарабынан аныкталат.".
Редакциялык түрдөгү түзөтүүлөрдү эске алуу менен 1-статьянын
3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш
ийет.".
Долбоордун 1-статьясынын 4-пунктун төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм
менен толуктоону сунуштайбыз:
"Ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчисине Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү белгилеген чектерде ведомстволук органдардын түзүмүнө жана
штаттык санына өзгөртүүлөрдү киргизүү, санын кайра бөлүштүрүү боюнча
укук берилген.".
1-статьянын 5-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Президентинин Жар-
лыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен" деген сөздөр "Кыр-
гыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары менен" деген сөздөр
менен алмаштырылсын.
1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын үлгүлөрү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитиле турган туусу жана сим-
волика белгилери болот.".
Редакциялык түзөтүүлөрдү эске алуу менен 3-статьянын аталышын тө-
мөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"3-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы
жөнүндө мыйзамдар".
3-статьяны "Кыргыз Республикасынын Конституциясы" деген сөздөрдөн
кийин ", Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда бел-
гиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашуулар" деген сөздөр
менен толуктоону сунуштайбыз.
Кайталоодон качуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кыл-
ган Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редакциясынын долбоо-
руна Кыргыз Республикасынын бул мыйзамы карама-каршы келишин четтетүү
максатында мыйзам долбоорунун 4, 6-11-статьяларын алып салууну максатка
ылайыктуу деп эсептейбиз.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы органдарында
кызмат өтөө" деген 12-статьянын 1-пунктун төмөнкүдөй редакцияда берүүнү
сунуштайбыз:
"1. Мамлекеттик салык кызматы органдарына юридикалык, финансылык
жана/же экономикалык орто же кесиптик билими бар, зарыл болгон кесиптик
билимге, ишкер жана моралдык сапаттарга ээ болгон Кыргыз Республикасы-
нын жараны конкурстук негизде кабыл алынат.
Салык кызматындагы иштин кесиптик тажрыйбасына ээ болбогон адамдар
бир жыл ичинде стажировкадан өтөт.
Стажировкадан өтүү тартиби жана шарттары мамлекеттик салык кызма-
тынын жетекчиси тарабынан аныкталат.".
12-статьянын 2-пунктунда "салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-
тик кызмат органдары" деген сөздөрдү "мамлекеттик салык кызматынын ор-
гандары" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
Долбоорду "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-
замынын 11-статьясына ылайык келтирүү максатында мыйзам долбоорунун
12-статьясынын 3-пунктун "жол берилбейт" деген сөздөрдөн мурда "педаго-
гикалык, илимий жана чыгармачылык ишмердиктен тышкары" деген сөздөр ме-
нен толуктоону сунуштайбыз.
12-статьянын 4-пунктун алып салууну сунуштайбыз, анткени бул тар-
тип 13-статьяда берилген.
2008-жылдын 21-июлундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын айрым мый-
зам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына ылайык долбоордун 12-статьясын төмөнкүдөй
мазмундагы 5-пункт менен толуктоону сунуштайбыз:
"5. Мамлекеттик салык кызматында кылмыштык жосун үчүн мурда сот-
толгон адам соттолгондугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабас-
тан анын катарында боло албайт.".
"Аскердик наамдарды, атайын класстык чиндерди жана атайын наамдар-
ды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясында
класстык чиндер эмес атайын наамдарды ыйгаруу каралгандыктан мыйзам
долбоорунун аталышын жана 13-статьясынын редакциясы төмөнкүдөй редакци-
яда берүүнү сунуштайбыз:
"13-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын
кызматкерлерине атайын наамдарды ыйгаруунун жалпы
шарттары
1. Атайын наам - бул кызмат топторунун жана категорияларынын чек-
теринде ээлеген кызматына ылайык ырааттуулукту сактоо менен, ошондой
эле мурдагы атайын наамында жана ээлеген мамлекеттик кызматында кесип-
тик дењгээлин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматында иште-
ген жылдарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык
кызматынын ар бир аттестацияланган кызматкерине ыйгарылуучу жеке наам.
2. Атайын наам ээлеген кызматына ылайык мамлекеттик салык кызматы-
нын кызматкерлерине ыйгарылат.
3. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын
наам биринчи жана кезектеги болуп бөлүнөт.
4. Биринчи атайын наам жањыдан кабыл алынган кызматкерге аттеста-
циядан өткөндөн кийин сыноо мөөнөтүн кошо алганда кызматка алынган
күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин ыйгарылат.
Мамлекеттик кызматчыны салык кызматынын 3-рангадагы кењешчинин же
андан жогору атайын наам ыйгаруу каралган улук же башкы администрация-
лык кызматка дайындоодо салык кызматынын 3-рангадагы кењешчисинен жого-
ру эмес биринчи атайын наам ыйгарылышы мүмкүн.
5. Мамлекеттик кызматтын 1 жана 2-рангадагы кењешчисинин атайын
наамдары ырааттуулукту сактабастан жана мурдагы атайын наамындагы мам-
лекеттик кызматтын узактыгын эске албастан ыйгарылышы мүмкүн.
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине кезектеги атайын наам
ыйгаруу ушул статьянын 13.4-пунктунда каралган учурларды кошпогондо
мурдагы атайын наамында болгон мөөнөт бүткөндө жүргүзүлөт.
6. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине өзгөчө учурларда,
колдоо иретинде, анын кесиптик сапаттарын, мамлекеттик бийлик органда-
рында иштеген стажысын эске алуу менен кызматтык милдеттерин аткарууда-
гы өзгөчө жетишкендиктери үчүн бир жолу кезектеги атайын наам ыйгарылы-
шы мүмкүн:
1) мурдагы наамында иштеген жылдарынын бир жылдык мөөнөтү бүткөнгө
чейин, бирок иштеген кызматына жараша атайын наамдан жогору эмес;
2) атайын наамында иштеген жылдарынын мөөнөтү бүткөндө өзгөчө эм-
геги үчүн ээлеген кызматына ылайык атайын наамынан бир баскыч жогору.
7. Окумуштуулук даражасы же окумуштуулук наамы бар мамлекеттик са-
лык кызматынын кызматкерине кезектеги атайын наам ээлеген кызматына
ылайык атайын наамдан бир баскычка жогору ыйгарылат.
8. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине кезектеги атайын
наам мурдагы наамында иштеген жылдарынын белгиленген мөөнөтү бүткөнгө
чейин же ээлеген кызматына ылайык атайын наамдан бир баскычка жогору,
бирок салык кызматында иштеген бүткүл мезгилинин ичинде эки жолудан
ашык эмес (ушул статьянын 4-пункту) ыйгарылышы мүмкүн.
9. Белгилүү бир мөөнөткө кабыл алынган (негизги кызматкер жок бол-
гон мезгилге кабыл алынган) мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине
атайын наам ыйгарылбайт.
10. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине атайын наам үчүн
Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен өлчөмдө кызмат маянасына ар
айлык үстөктөр берилет.
11. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын кызматкер-
лерине материалдык жардам көрсөтүү жана сыйлоо атайын наамы үчүн тиеше-
лүү төлөмдөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт. Эмгеги үчүн компенсациянын
конкреттүү өлчөмү атайын наам үчүн кошумча төлөөлөрдү эске алуу менен
белгиленет.
12. Дисциплинардык жазасы бар, ошондой эле аларга карата кызматтык
териштирүү жүргүзүлгөн же кылмыш иши козголгон мамлекеттик салык кызма-
тынын кызматкерлерине атайын наам ыйгарылбайт.
13. Салык кызматынын 3 жана 2-рангадагы мамлекеттик кењешчисинин
атайын наамын ыйгаруу, андан ажыратуу, төмөндөтүү Кыргыз Республикасы-
нын мамлекеттик салык кызматынын борбордук органынын жетекчиси жана
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин
сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 3 жана 2-рангадагы мамле-
кеттик кењешчисинин атайын наамы аттестациядан өтпөстөн ыйгарылат.
14. Салык кызматынын кенже инспекторунун, салык кызматынын 3, 2
жана 1-рангадагы инспекторунун, салык кызматынын 3, 2 жана 1-рангадагы
кењешчисинин атайын наамдарын ыйгаруу, андан ажыратуу, төмөндөтүү мам-
лекеттик салык кызматынын статс-катчысынын жана борбордук органдын же-
текчисинин тейлөөчү орун басарларынын макулдугу менен аймактык салык
кызматтарынын жетекчилеринин, борбордук аппаратынын башкармалыктарынын
начальниктеринин жана өз алдынча бөлүмдөрүнүн начальниктеринин, сектор
башчыларынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык
кызматынын борбордук органынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
15. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын кызматкер-
лерине ээлеген кызматына ылайык төмөнкүдөй атайын наамдар ыйгарылат:
Кызматы Атайын наам
Биринчи Салык кызматынын кенже
инспектору
Ведомстволук органдардын Салык кызматынын 3-рангадагы
инспекторлору, адистери инспектору
Борбордук аппараттын Салык кызматынын 2-рангадагы
инспекторлору, адистери инспектору
Ведомстволук органдардын улук Салык кызматынын 2-рангадагы
инспекторлору, жетектөөчү инспектору
адистери
Борбордук аппараттын улук Салык кызматынын 1-рангадагы
инспекторлору, жетектөөчү инспектору
адистери
Ведомстволук органдардын башкы Салык кызматынын 1-рангадагы
инспекторлору, башкы адистери инспектору
Борбордук аппараттын жетекчисинин Салык кызматынын 3-рангадагы
жардамчысы, сектор башчысы, башкы кењешчиси
инспекторлор, башкы адистер
Ведомстволук органдардын Салык кызматынын 3-рангадагы
бөлүмдөрүнүн начальниктери, сектор кењешчиси
башчылары
Борбордук аппараттын жетекчисинин Салык кызматынын 2-рангадагы
кењешчиси, башкармалыктардын кењешчиси
начальниктеринин орун басарлары,
башкармалыктардын курамындагы
бөлүмдөрдүн начальниктери, өз
алдынча бөлүмдөрдүн
начальниктеринин орун басарлары
Ведомстволук органдардын Салык кызматынын 2-рангадагы
начальниктеринин орун басарлары кењешчиси
Борбордук аппараттын Салык кызматынын 1-рангадагы
башкармалыктарынын начальниктери, кењешчиси
өз алдынча бөлүмдөрдүн начальниктери
Бишкек жана Ош шаарларынын Салык кызматынын 1-рангадагы
ведомстволук органдарынын кењешчиси
начальниктери, региондор аралык
башкармалыктардын начальниктеринин
орун басарлары
Борбордук аппараттын жетекчисинин Салык кызматынын 3-рангадагы
орун басары мамлекеттик кењешчиси
Статс-катчы Салык кызматынын 3-рангадагы
мамлекеттик кењешчиси
Жетекчи Салык кызматынын 2-рангадагы
мамлекеттик кењешчиси
16. Атайын наамдарда иштеген жылдардын мөөнөттөрү
Ар бир атайын наамда болуу мөөнөттөрү төмөнкүлөрдү түзүүгө тийиш:
1) салык кызматынын кенже инспектору - 1 жыл;
2) салык кызматынын 3-рангадагы инспектору - 2 жыл;
3) салык кызматынын 2-рангадагы инспектору - 2 жыл;
4) салык кызматынын 1-рангадагы инспектору - 2 жыл;
5) салык кызматынын 3-рангадагы кењешчиси - 3 жыл;
6) салык кызматынын 2-рангадагы кењешчиси - 3 жыл.
Атайын наамдарда иштеген жылдардын мөөнөтү атайын наамды ыйгаруу
жөнүндө буйрукка кол койгон күндөн тартып эсептелет.
Салык кызматынын 3 жана 2-рангадагы мамлекеттик кењешчисинин атай-
ын наамдарында иштеген жылдардын мөөнөтү белгиленбейт.
17. Кезектеги атайын наамдарды ыйгаруудагы кечиктирүү
Дисциплинардык жазасы бар (оозеки жарыяланганды кошпогондо) же
болбосо ага карата кылмыш иши козголгон же кызматтык тартипти бузуу
фактысы боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүлгөн мамлекеттик салык кызма-
тынын кызматкерлерине кезектеги атайын наам ыйгарууга көрсөтүү тийиштүү
түрдө тартип жазасы алынганга же болбосо кылмыш иши токтотулганга же
кызматтык текшерүү бүткөнгө чейин жүргүзүлбөйт.
Атайын наамда иштеген жылдарынын мөөнөтү бүткөндөн кийин салык ор-
ганынын жетекчиси кызматкерге кезектеги атайын наамды өз убагында ыйга-
руу үчүн чара көрүүгө милдеттүү.
Кызматкерге кезектеги атайын наамды ыйгарууда негизсиз кечиктирген
учурда салык органынын жетекчиси жекече дисциплинардык жоопкерчилик
тартат.
18. Атайын наамды сактоону, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери башка мамлекеттик органга
же башка мамлекеттик кызматка өткөндө аскердик наамдарына, атайын клас-
стык чиндерине жана атайын наамдарына карата Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленгендей ага ушул Мыйзамга ылайык ыйгарылган атайын
наамы сакталат.
Салык кызматында он жылдан кем эмес иштеген мамлекеттик салык кыз-
матынын кызматкерлерине пенсия эсептөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
аныктаган тартипте жана өлчөмдө атайын наамы боюнча тиешелүү маяна
эсепке алынат.
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери төмөнкүдөй учурларда атай-
ын наамынан ажыратылышы мүмкүн:
- ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген соттун күнөөлөө өкүмү болгон-
до;
- мамлекеттик кызматчынын наамын дискредитациялоого байланыштуу
иштен бошогондо;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраган учурда.
Атайын дискредитациялоого байланыштуу иштен бошогон мамлекеттик
салык кызматынын кызматкерин калыбына келтирген учурда ал тийиштүү түр-
дө мурдагы атайын наамында калыбына келтирилет.
Кызматтык милдетин одоно бузгандыгы, жаман жосун жасагандыгы, ага
жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы же туура эмес аткаргандыгы үчүн
мамлекеттик салык кызматынын кызматкери "Мамлекеттик кызмат жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык атайын наамынан, бирок ал алып
жүргөн атайын наамдан бир баскычтан ашык эмес төмөндөтүлүшү, ошондой
эле атайын наамынан ажырашы мүмкүн.
19. Атайын наамды ыйгаруу, төмөндөтүү жана андан ажыратуу жөнүндө
маалыматтар мамлекеттик салык кызматынын кызматкеринин өздүк ишине жа-
зылат.
20. Атайын наам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы-
нын кызматкеринин кызматтык күбөлүгүндө көрсөтүлөт.".
Мамлекеттин финансылык ресурстарынын чектелүү экендигинен улам
долбоордун 15-статьясынын 2-пунктун алып салууну сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык келтирүү максатында
15-статьянын 3-пунктун төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"3. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кызматтык ишмердигин
жүргүзүүгө байланыштуу өлүмгө учураса, өлгөн адамдын үй-бүлөсүнө же
анын багуусундагыларга Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык
жабырлануучунун жыйырма орточо жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жол-
ку пособие төлөнөт.
Салык кызматынын кызматкерине кызматтык милдеттерин аткарууда май-
ыптыкка дуушар кылган ден соолугуна зыян келтирилсе, эмгекке жарамдуу-
лугун жоготкондугун жана майыптыгын эске алуу менен төмөнкүдөн кем эмес
бир жолку пособие төлөнөт:
- I топтогу майып болсо - жабырлануучунун он орточо жылдык эмгек
акысы;
- II топтогу майып болсо - жабырлануучунун беш орточо жылдык эмгек
акысы;
- III топтогу майып болсо - жабырлануучунун үч орточо жылдык эмгек
акысы.".
Мамлекеттин финансылык ресурстарынын чектелген шартында жана бюд-
жеттик, атайын каражаттарды үнөмдөө, мамлекеттин чыгымдарын оптималдаш-
тыруу максатында 16-статьянын 1-пунктундагы иш жүзүндө түшкөн салыктар-
дын суммасынан чегерүүлөрдү жана максаттуу бюджеттен тышкаркы каражат-
тарды кошо алганда" деген сөздөрдү алып салуу максатка ылайыктуу деп
эсептейбиз.
18-статьянын 3-пунктунда "класстык чиндер" деген сөздөрдү "атайын
наамдар" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын бул Мыйзам долбоорунун 16-статьясынын 2, 3,
4-пункттарын алып салууну сунуштайбыз.
Долбоордун 17-статьясын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштай-
быз:
17-статья. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын
Социалдык өнүктүрүү жана органдарды материалдык колдоо
фонду
Мамлекеттик салык кызматынын Социалдык өнүктүрүү жана органдарды
материалдык колдоо фонду республикалык бюджеттин эсебинен ушул орган-
дардын эмгек акы фондунун суммасынын 25 проценти өлчөмүндө жана мамле-
кеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө салык органдары мобилизациялоочу са-
лыктарды жана төлөмдөрдү жыйноо боюнча план-божомолдун ашыкча аткарыл-
ган суммасынан 3 процент өлчөмүндө которуудан түзүлөт. Социалдык өнүк-
түрүү жана материалдык колдоо фондун пайдалануу тартибин Ыйгарым укук-
туу орган аныктайт.
Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча "башка милдеттүү төлөмдөр-
гө" шилтемени алып салууну сунуштайбыз, анткени долбоордун преамбуласы-
нын экинчи абзацында салыктарды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү андан
ары текст боюнча "салыктар" деп атоо сунушталат.
Мыйзам долбоору 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кириши ка-
ралган Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редакциясынын жобо-
лору менен тыгыз байланыштуу экендигин эске алып, "Кыргыз Республикасы-
нын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-
нын күчүнө киришин да 2009-жылдын 1-январынан тартып ишке ашыруу мак-
сатка ылайыктуу.
19-статьянын 1-пунктунда "Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн
тартып күчүнө кирет." деген сөздөрдү "Бул Мыйзам 2009-жылдын 1-январы-
нан тартып күчүнө кирет." деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
19-статьянын 3-пунктунун 1-пунктчасында "Кыргызстан Республикасы-
нын салык кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы минист-
рлигинин алдындагы салык кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жалпысынан максатка ылайыктуу болуп
саналат деп эсептейбиз, анткени мамлекеттик кызматта кызмат өтөө тарти-
би "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, мамле-
кеттик орган жөнүндө жобо, функционалдык милдеттер жөнүндө нускама ме-
нен жөнгө салынат.
Мамлекеттик салык кызматынын мамлекеттик кызматчысы өз ишмердигин-
де мыйзам актыларын кошо алганда жогоруда саналгандардан тышкары Кыргыз
Республикасынын Салык кодексин, "Аскердик наамдарды, класстык чиндерди,
атайын класстык чиндерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке ала тургандыгын белгилейбиз.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамынын 21-статьясына ылайык аткаруу бийлигинин мам-
лекеттик органдары жөнүндө жобо коргонуу, улуттук коопсуздук, ички иш-
тер, тышкы иштер маселелерин жүргүзүүчү мамлекеттик органдардын жоболо-
рун кошпогондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитиле турган-
дыгын маалымат иретинде белгилейбиз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндөЗакон · 06.04.1999 · № 35
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 21.07.2008 · № 161
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндөЗакон · 23.01.2009 · № 24 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон