Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3 октябрындагы № 562 «2009-жылдын түшүмүнө күздүк себүүнү жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү дизель отуну менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-10-03.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 3-октябры № 562
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2009-жылдын түшүмүнө күздүк себүүнү жүргүзүү үчүн
айылдык товар өндүрүүчүлөрдү дизель отуну менен
камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө
"Талаа иштерин жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамле-
кеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 жана
2-статьяларына ылайык, "2009-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан
өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү уюшкандыкта жүргүзүү боюнча чаралар
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-августундагы №
446 токтомунун 8-пунктунда каралган дизель отунун талон боюнча
бөлүштүрүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-
улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында-
гы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен 2008-жылдын 12-сентяб-
рында түзүлгөн берүү келишиминин негизинде "Газпром нефть Азия" жооп-
керчилиги чектелген коому күзгү талаа иштерин жүргүзүү үчүн алып ке-
линүүчү 5,0 мињ куб.м көлөмүндөгү дизель отунун атайын даярдалган талон
боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөргө сатуу үчүн берүүчү болуп аныктал-
сын.
2. "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коому алып келүүчү
дизель отунунун көрсөтүлгөн көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-
раштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мам-
лекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду
аркылуу кийин айылдык товар өндүрүүчүлөргө сатуу үчүн Кыргыз Республи-
касынын аймагына алып келүүдө жана андан аркы сатууда бажы
төлөмдөрүнөн, салыктардан жана жыйымдардан бошотулууга тийиш экендиги
белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-
улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик ушул ток-
томдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн көлөмдө "Газпром нефть Азия" жоопкерчи-
лиги чектелген коому тарабынан дизель отунуна атайын даярдалган талон-
дор менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-
тик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети дизель
отунун Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө жана аны айылдык
товар өндүрүүчүлөргө андан аркы сатууда бажы төлөмдөрүнөн, салыктардан
жана жыйымдардан бошотуу маселелеринде ушул токтомду жетекчиликке алыш-
сын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер
боюнча мамлекеттик агенттикке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ап-
паратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-августунун №446 "2009-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрдү күздүк себүүнү уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар…Постановление · 15.08.2008 · № 446 · Күчүн жоготкон
- Талаачылык иштерин жүргүзүү үчүн айыл жериндеги товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жөнүндөЗакон · 30.07.2007 · № 102 · Күчүн жоготкон