Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бишкек» эркин экономикалык зонасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-ноябрындагы № 474 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 1 августа 2014 года № 431 "Об утверждении положений о свободных экономических зонах "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" и "Нарын"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-08-01.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы №431 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 26-сентябры № 539
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
"Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-ноябрындагы № 474 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
"Бишкек" эркин экономикалык зонасын кайрадан уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыр- гыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясына ылайык Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө жобону бекитүү туу-
ралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-ноябрындагы № 474 токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-8-пункттары алып салынсын;
- "Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө жобого төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин: 3-пункт "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "Кара-Балта шаарынын аймагында жайгашкан, аянты 100 га болгон, чыгыштан Кара-Балта суусу, батыштан Турар Кожомбердиев көчөсү, түштүктөн Сары-Булак айылына кеткен жол, түндүктөн Мичурин көчөсү менен чектелген жер участогу" де- ген сөздөр менен толукталсын; 21-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караш- туу Мамлекеттик бажы инспекциясы тарабынан бекитилет жана "Бишкек" ЭЭ- Зинин башкы дирекциясы менен макулдашылат" деген сөздөр "Бишкек" ЭЭЗи- нин башкы дирекциясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекет- тик бажы комитети тарабынан бекитилет" деген сөздөргө алмаштырылсын; 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "22. "Бишкек" эркин экономикалык зонасында бажы контролун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин подразделениеси болуп са- налган "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын бажыканасы ишке ашырат."; 23-пункттун үчүнчү сүйлөмү алып салынсын; 24-пунктта "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мам- лекеттик бажы комитети тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын; 31-пунктта: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте" де- ген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "ЭЭЗдин башкы директору жана анын орун басарлары эмгек келишиминин шарттарында беш жылдык мөөнөткө дайындалат.".
2. "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын башкы дирекциясына Ка-
ра-Балта шаарынын аймагында жайгашкан, аянты 100 га болгон, чыгыштан Кара-Балта суусу, батыштан Турар Кожомбердиев көчөсү, түштүктөн Са- ры-Булак айылына кеткен жол, түндүктөн Мичурин көчөсү менен чектелген жер участогу 49 жылдык мөөнөткө акысыз негизде бекитип берилсин.
3. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы Жайыл районунун мам-
лекеттик администрациясы жана Кара-Балта шаарынын шаар башкармалыгы, ошондой эле "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын башкы дирекциясы ме- нен бирдикте бир айлык мөөнөттө:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-
тарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун 1 жана 2-пунк- ттарында көрсөтүлгөн жер участогун каттоону жүргүзсүн.
5. "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын башкы дирекциясы өздүк
каражаттарынын жана жеке инвестицияларды тартуунун эсебинен "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын № 3 участогу катары жер участогун өздөштүрүүгө киришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода минист-
рлиги республиканын аймагында иштөөчү эркин экономикалык зоналардын иш-аракетин өркүндөтүү, алардын жоболоруна ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш киргизсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Положение о свободной экономической зоне "Бишкек" (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 11 ноября 1995 года N 474)Положение · 11.11.1995 · № 474 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 11 ноября 1995 года N 474 "Об утверждении Положения о свободной экономической зоне "Бишкек"Постановление · 11.11.1995 · № 474 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө Жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 01.08.2014 · № 431
- Постановление Правительства КР от 11 ноября 1995 года N 474 "Об утверждении Положения о свободной экономической зоне "Бишкек"Постановление · 11.11.1995 · № 474 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Бишкек" эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндөЗакон · 28.06.2006 · № 91
- Бишкек" эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуЗакон · 28.07.2008 · № 173