Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 459 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от1 февраля 2016 года № 43 "Об утверждении Положения о порядке приема и распределения гуманитарной помощи в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-02-01.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 24-сентябры № 529
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды
кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону
бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 10-октябрындагы № 459 токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Гуманитардык жардам линиясы боюнча Кыргыз Республикасына келүүчү
дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды кабыл алууну,
бөлүштүрүүнү тартипке салуу, алардын сапатын контролдоо максатында Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана
бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 459 токтому менен беки-
тилген Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана
бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-
тоолор киргизилсин:
- 9-пункттун он үчүнчү абзацында ", медициналык техника, жабдуу"
деген сөздөр "жана медициналык багыттагы буюмдар" деген сөздөр менен
алмаштырылсын;
- 13-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- дары каражаттарынын, медициналык багыттагы буюмдардын ошол пар-
тиясынын (сериясынын) сапатын жана коопсуздугун тастыктоочу, алып ке-
линүүчү дары каражаттары жана медициналык буюмдар өндүрүүчү өлкөнүн да-
ры каражаттарынын, медициналык багыттагы буюмдарынын мамлекеттик стан-
дартына ылайык өндүрүлгөндүгүн ырастоочу, өндүрүүчү өлкөнүн ыйгарым
укуктуу органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн өндүрүшчүнүн сертификаты.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 13-1. - 13-3-пункттар менен толукталсын:
"13-1. "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык гуманитардык жардам линиясы боюнча Кыргыз Республика-
сына алып келинүүчү дары каражаттары каттоодон өтүүгө жана Кыргыз Рес-
публикасынын аймагында медициналык практикага колдонууга уруксат бе-
рилүүгө тийиш.
13-2. Өзгөчө (форс-мажордук) жагдайларда гуманитардык жардам лини-
ясы боюнча катталбаган жана жарактуулук мөөнөтү бир жылдан аз болгон
дары каражаттарын республикага алып келүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
бекиткен комиссиянын чечимине ылайык жүргүзүлсүн.
13-3. Гуманитардык жардам линиясы боюнча Кыргыз Республикасына
алып келинүүчү дары каражаттары саламаттык сактоо жагында Кыргыз Рес-
публикасынын ыйгарым укуктуу органы белгилеген тартипте идентификация-
ланууга тийиш.";
- 20-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"22. Медициналык багыттагы гуманитардык жардам берилүүчү гумани-
тардык жардамды керектөөнү, анын аталыштарын жана санын эске алуу менен
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана алуучулар ме-
нен алдын ала макулдашылгандан кийин донорлор тарабынан көрсөтүлөт.";
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"23. Гуманитардык жардам катары келген дары каражаттары жана меди-
циналык багыттагы буюмдар үчүн жарактуулугунун калган мөөнөтү аларды
Кыргыз Республикасына алып келингенден кийин бир жылдан кем болбоого
тийиш.
Медициналык багыттагы буюмдарды инсталляциялоо локалдуу сервистик
кызматтын кызматкеринин катышуусунда донор же анын өкүлү тарабынан
жүргүзүлөт.
Мурда колдонулган медициналык багыттагы буюмдар колдонууга жарак-
туу абалда болушу керек, аларды пайдалануу мөөнөтү берилген учурга ка-
рата 5 жылдан ашпоого тийиш.".
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн че-
чимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү…Постановление · 01.02.2016 · № 43
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 459 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү…Постановление · 10.10.2007 · № 459 · Күчүн жоготкон
- Дары-дармек каражаттары жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 91 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 459 токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби…Положение · 10.10.2007 · № 459 · Күчүн жоготкон