Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү ЖОБО
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от1 февраля 2016 года № 43 "Об утверждении Положения о порядке приема и распределения гуманитарной помощи в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-02-01.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 10-октябрындагы
№ 459 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды
кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529 токтомунун
редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасына келип түшүүчү гуманитардык жар-
дамды кабыл алуу, эсепке алуу жана бөлүштүрүү тартибинин укуктук жана
уюштуруучулук негиздерин аныктайт. Гуманитардык жардам алышкан юридика-
лык жактар менен жеке адамдар өз иштеринде Кыргыз Республикасынын Конс-
титуциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын
Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин,
гуманитардык жардам жөнүндөгү эл аралык макулдашууларды жана ушул Жобо-
ну жетекчиликке алышат.
2. Гуманитардык иш-аракеттер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмө-
түнүн атынан түзүлгөн эл аралык макулдашуулар Кыргыз Республикасынын
коомдук уюмдары, юридикалык жактары, жана жеке адамдары тарабынан сөз-
сүз түрдө аткарылууга тийиш.
3. Гуманитардык жардамды кабыл алуу, эсепке алуу жана бөлүштүрүү
тартибинин координациялоону Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
өнүктүрүү министрлиги (мындан ары - Министрлик) жүргүзөт.
4. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
гуманитардык жардам - юридикалык жактар жана жеке адамдар акысыз
берүүчү азык-түлүк, эл керектөөчү товарлар, техникалар, шаймандар, жаб-
дуулар, медициналык каражаттар жана дары-дармектер, калктын жашоо жана
турмуш шарттарын жакшыртуу үчүн, ошондой эле андан ары пайдалануу жана
(же) акысыз бөлүштүрүү шарттарында аскердик, экологиялык жана техноген-
дик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын натыйжаларын алдын алуу жана жоюу
үчүн башка нерселер;
донор - гуманитардык жардамдын жиберүүчүсү - чет өлкөлүк мамлекет-
тер, алардын органдары, чет өлкөлүк уюмдар жана мекемелер, чет өлкөлүк
жарандар жана эл аралык уюмдар;
алуучу - дарегине гуманитардык жардам келген юридикалык жактар жа-
на жеке адамдар;
керектөөчү - гуманитардык жардамды түздөн түз пайдалануучу Кыргыз
Республикасынын юридикалык жактары жана жеке адамдары.
5. Кыргыз Республикасынын аймагына келип түшкөн гуманитардык жар-
дам керектөөчүгө берилгенге чейин донордун менчиги болуп эсептелет.
6. Гуманитардык жардамды бажылык тариздөө Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
7. Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилүүчү гуманитардык мү-
нөздөгү жүктөр, анын ичинде акысыз негизде тейлөө көрсөтүүнү жана иш
аткарууну кошкондо, ошондой эле гуманитардык жүктөрдү жеткирүүчү транс-
порт каражаттары салык төлөөдөн, бажы төлөмдөрүнөн жана жыйымдарынан
бошотулат.
Кыргыз Республикасынын аймагына келип түшкөн гуманитардык жардам
арналышы боюнча пайдаланылбаса же ал башка адамдарга сатылса же берил-
се, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте салык са-
лынууга тийиш.
8. Гуманитардык жардам Кыргыз Республикасынын стандарттарына ылай-
ык болушу керек. Гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Респуб-
ликасына келип түшүүчү жүктөрдүн гуманитардык мүнөзүн, анын ичинде акы-
сыз негизде кызмат көрсөтүүнү жана иш аткарууну Министрлик корутунду
(чечим) формасында аныктайт, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социал-
дык өнүктүрүү министринин колу коюлуп, гуманитардык жүктүн мүнөзү жө-
нүндө корутунду берилет.
9. Гуманитардык жардамдын түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- курулуш материалдарын өндүрүү үчүн курулуш материалдары, жабдуу-
лар жана механизмдер;
- өнөр жай өндүрүшү жана кен казуу тармагы үчүн жабдуулар, станок-
тор, механизмдер;
- айыл чарба техникалары, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү
химиялык коргоочу каражаттар, вакциналар, асыл тукум малдар, ветеринар-
дык кызматтар үчүн препараттар жана жабдуулар;
- жол-курулуш машиналары жана механизмдер;
- автомобилдер, ага запастык бөлүктөр;
- калкты тейлөө үчүн арналган самолеттор, ага запастык бөлүктөр
аэропорттор, навигациялык кызматтар үчүн жабдуулар;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн арналган техникалар,
жабдуулар жана механизмдер;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, укук коргоо органдары,
улуттук коопсуздук жана республиканын башка аскердик түзүлүштөрү үчүн
атайын жабдуулар жана униформалар, техникалар, атайын каражаттар, ку-
рал-жарактар, аскердик-техникалык мүлктөр, оргтехникалар жана анын жаб-
дыктары, кийимдер;
- объекттерди, курулмаларды жана жабдууларды куруу жана ремонттоо
боюнча кызмат көрсөтүү жана иш аткаруу;
- азык-түлүк товарлар, алкоголдук продукцияларды жана тамеки буюм-
дарын кошпогондо;
- кийимдер, бут кийимдер, өздүк гигиена үчүн каражаттар жана эл
керектөөчү башка товарлар;
- дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар;
- компьютерлер, ага шаймандар;
- окуу китептери, окуу куралдары, көркөм адабият (диний мүнөздөгү
адабияттарды кошпогондо), окутуу лабораториялар үчүн жабдуулар, илимий
приборлор;
- музыкалык аспаптар, театр жана концерттик имараттар үчүн жабдуу-
лар, реквизит;
- спорттук инвентарь жана жабдуулар, спорттук кийимдер, анын ичин-
де өлкөнүн спорттук курама командасын экипировкалоо үчүн арналган кий-
имдер.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529 токтомунун редак-
циясына ылайык)
II. Гуманитардык жардамды кабыл алуу тартиби
10. Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген жүктүн гуманитар-
дык мүнөзү Министрликтин корутундусу (чечими) менен тастыкталат.
11. Жүктүн гуманитардык мүнөзүн аныктоо үчүн гуманитардык жардам
алуучулар ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан
Министрликке төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:
а) уюмдун (юридикалык жактар үчүн) уставын (жобосун);
б) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүн (юридикалык
жактар үчүн);
в) белекке берүү сертификатын;
г) гуманитардык жардам алууга негиз болгон документин;
д) алуучунун гуманитардык жүктү максаттуу пайдаланууну тастыктоочу
кепилдик-катын;
е) алынган гуманитардык жүктү пайдалануу программасын.
12. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына гуманитардык жардам ката-
ры ташылып келген товарларды бажылык тариздөөнү жүргүзүү үчүн бажы ор-
ганына төмөнкү документтер берилет:
- Министрликтин тиешелүү корутундусу (чечими);
- жүктүн бажылык декларациясы (Жүктүн бажылык декларациясын толту-
руу тартиби жөнүндөгү нускамага ылайык толтурулган);
- транспорттук жана товар өндүрүү документтери;
- товарлардын акысыз берилишин тастыктоочу документтер, анын ичин-
де чет тилдеринде түзүлгөн документтер;
- товарларды жалањ гана калктын жетиштүү камсыз болбогон катмары-
нын, аскер кызматчыларынын жана аларга тењештирилген адамдардын, укук
коргоо органдарынын кызматчыларынын турмуш-тиричилик шарттарын жакшыр-
туу үчүн максаттуу пайдалануу жөнүндө алуучунун милдеттенмеси;
- эгерде ташылып келинген товарлар мамлекеттик башка органдар та-
рабынан көзөмөлдөнүүгө тийиш болсо, көзөмөлдүн жүзөгө ашырылгандыгын
тастыктоочу документтер.
13. Кыргыз Республикасына медициналык арналыштагы гуманитардык
жардамды алып келүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрли-
гине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника де-
партаментинин (мындан ары - Департамент) корутундусунун негизинде жүр-
гүзүлөт. Корутунду алуу үчүн Департаментке төмөнкүлөр берилет:
- Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү жүктүн гуманитар-
дык мүнөзүн ырастоочу, Министрлик берген документ:
- медициналык арналыштагы гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнүн Кыр-
гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган
жана бекитилген планы;
- дары каражаттардын, медициналык арналыштагы буюмдардын чыгарган
өлкөдө жана донор өлкөдө катталганын ырастоочу, компетенттүү орган бер-
ген документ;
- дары каражаттарынын, медициналык багыттагы буюмдардын ошол пар-
тиясынын (сериясынын) сапатын жана коопсуздугун тастыктоочу, алып кели-
нүүчү дары каражаттары жана медициналык буюмдар өндүрүүчү өлкөнүн дары
каражаттарынын, медициналык багыттагы буюмдарынын мамлекеттик стандар-
тына ылайык өндүрүлгөндүгүн ырастоочу, өндүрүүчү өлкөнүн ыйгарым укук-
туу органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн өндүрүшчүнүн сертификаты.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529 токтомунун редак-
циясына ылайык)
13-1. "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык гуманитардык жардам линиясы боюнча Кыргыз Республика-
сына алып келинүүчү дары каражаттары каттоодон өтүүгө жана Кыргыз Рес-
публикасынын аймагында медициналык практикага колдонууга уруксат бери-
лүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529 токтомунун редак-
циясына ылайык)
13-2. Өзгөчө (форс-мажордук) жагдайларда гуманитардык жардам лини-
ясы боюнча катталбаган жана жарактуулук мөөнөтү бир жылдан аз болгон
дары каражаттарын республикага алып келүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
бекиткен комиссиянын чечимине ылайык жүргүзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529 токтомунун редак-
циясына ылайык)
13-3. Гуманитардык жардам линиясы боюнча Кыргыз Республикасына
алып келинүүчү дары каражаттары саламаттык сактоо жагында Кыргыз Рес-
публикасынын ыйгарым укуктуу органы белгилеген тартипте идентификация-
ланууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529 токтомунун редак-
циясына ылайык)
14. Гуманитардык жардамдарды алуучулар тарабынан кабыл алуу Минис-
трликтин өкүлүнүн жана башка кызыгдар жактардын катышуусу менен жүргү-
зүлөт.
III. Гуманитардык, анын ичинде медициналык
арналыштагы жардамды бөлүштүрүү тартиби
15. Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү гуманитардык жүктү пайдалануу
боюнча донордун программасынын шарттарына так ылайык келген тартипте
жүргүзүлөт.
16. Керектөөчүлөр гуманитардык жардамды донорлордон түздөн-түз
кандай алса, алуучулар аркылуу да ошондой эле алышат.
17. Донор тарабынан гуманитардык жардам конкреттүү жеке адамга бе-
рилген учурда гуманитардык жүк дарек ээсине өткөрүлүп берилип, андан
ары анын пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүлбөйт.
18. Юридикалык жакка келип түшкөн гуманитардык жардам дарек ээсине
өткөрүлүп, анын максаттуу пайдаланылышы мамлекеттик көзөмөл кызматы
тарабынан текшерилүүгө тийиш.
19. Муктаждарга жардам көрсөтүү үчүн юридикалык жактын дарегине
түшкөн гуманитардык жардамдар ыйгарым укуктуу донор жактын катуу конт-
ролдугу алдында калктын жакыр катмарына андан ары берүү үчүн минист-
рликтер, ведомстволор, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, илимий жана билим берүү мекемелери, коомдук фонд-
дор, өкмөттүк эмес уюмдар жана кайрымдуулук фонддору боюнча
бөлүштүрүлөт (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, укук коргоочу
органдар, улуттук коопсуздук органы жана башка аскердик түзүлүштөр үчүн
түшкөн гуманитардык жардамды кошпогондо).
20. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529 токтому-
на ылайык күчүн жоготту)
21. Донорлорго дары каражаттарды, медициналык арналыштагы буюмдар-
ды жана медициналык техниканы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган
Турмуштук маанилүү дары каражаттарынын тизмесине ылайык Кыргыз Респуб-
ликасына берүү сунушталат.
22. Медициналык багыттагы гуманитардык жардам берилүүчү гуманитар-
дык жардамды керектөөнү, анын аталыштарын жана санын эске алуу менен
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана алуучулар ме-
нен алдын ала макулдашылгандан кийин донорлор тарабынан көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529 токтомунун редак-
циясына ылайык)
23. Гуманитардык жардам катары келген дары каражаттары жана меди-
циналык багыттагы буюмдар үчүн жарактуулугунун калган мөөнөтү аларды
Кыргыз Республикасына алып келингенден кийин бир жылдан кем болбоого
тийиш.
Медициналык багыттагы буюмдарды инсталляциялоо локалдуу сервистик
кызматтын кызматкеринин катышуусунда донор же анын өкүлү тарабынан
жүргүзүлөт.
Мурда колдонулган медициналык багыттагы буюмдар колдонууга жарак-
туу абалда болушу керек, аларды пайдалануу мөөнөтү берилген учурга ка-
рата 5 жылдан ашпоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529 токтомунун редак-
циясына ылайык)
24. Медициналык арналыштагы гуманитардык жардам расмий жана (же)
мамлекеттик, англис тилдеринде маркировкаланууга тийиш. Маркировка Эл
аралык патенттелбеген аталышын, серия номерин, дарылык формасын, актив-
дүү заттардын канча экендигин, жасаган фирманын аталышын, тањгактагы
санын, сактоо шартын жана жарактуулук мөөнөтү бүтүүчү күндү камтууга
тийиш.
25. Медициналык арналыштагы гуманитардык жардам жүктөрүн керектөө-
чүнүн кабыл алуусу Департаменттин өкүлүнүн, Министрликтин өкүлүнүн жана
башка кызыгдар уюмдардын катышуусунда жүргүзүлөт.
26. Министрлик Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды андан
ары максаттуу пайдаланууга контроль жүргүзөт.
IV. Гуманитардык жардам алуу жана
бөлүштүрүү үчүн жоопкерчилик
27. Гуманитардык жардам алуу, сактоо, туура жана өз убагында бө-
лүштүрүү, ошондой эле аны керектөөчүлөргө жеткирүү үчүн донор алдындагы
жоопкерчилик гуманитардык жардам алуучуга жүктөлөт.
Эгерде гуманитардык жардам керектөөчүлөргө жергиликтүү бийлик ор-
гандарынын катышуусу менен бөлүштүрүлсө, анда аны туура жана өз убагын-
да бөлүштүрүү жоопкерчилиги дагы аларга жүктөлөт.
28. Алынган гуманитардык жардамдын саны жана сапаты үчүн донорлор
менен алуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бирдей дењ-
гээлде жоопкерчилик тартышат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү…Постановление · 01.02.2016 · № 43
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 459 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү…Постановление · 10.10.2007 · № 459 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 2 февраля 2010 года №64 "Об итогах проведенного Счетной палатой Кыргызской Республики аудита исполнения республиканского бюджета Кыргызской…Постановление · 02.02.2010 · № 64
- ИНСТРУКЦИЯ "по контролю за исчислением и уплатой таможенных платежей"Инструкция · 10.08.2015 · № 564 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы №339 "Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө (форс-мажордук) жагдайларда медициналык арналыштагы гуманитардык жардамды ташып кирүүнү жөнгө…Постановление · 03.06.2009 · № 339 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы №529 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү…Постановление · 29.09.2008 · № 529 · Күчүн жоготкон