Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Балдарды эмизүүнү колдоо жана балдардын жасалма тамак аш азыктарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 2-сентябры № 492
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Балдарды эмизүүнү колдоо жана балдардын жасалма
тамак аш азыктарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө"
жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна
жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамынын 34-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Д.А.Молдошева
демилге кылган "Балдарды эмизүүнү колдоо жана балдардын жасалма тамак
аш азыктарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республи-
касынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 2-сентябрындагы
№ 492 токтому менен
жактырылган
"Балдарды эмизүүнү колдоо жана балдардын
жасалма тамак аш азыктарынын маркетингин жөнгө
салуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым
мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна
жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамынын 34-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин депутаты Д.А.Молдошева демилге кылган "Балдарды
эмизүүнү колдоо жана балдардын жасалма тамак аш азыктарынын маркетингин
жөнгө салуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыла-
рына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-
нын долбоорлорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү
билдирет.
"Балдарды эмизүүнү колдоо жана балдардын жасалма тамак аш азыкта-
рынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоору боюнча:
"I бөлүм" деген сөздөрдү редакциялык тактык үчүн "I глава" деген
сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-статьясына ылайык
2-статьянын экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын эл аралык кели-
шими" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген
мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери
жана макулдашуулары" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз. Тиешелүү
өзгөртүүлөрдү ошондой эле Мыйзам долбоордун 16 главасына киргизүү за-
рыл.
3-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "жана алты айдан улуу балдардын"
деген сөздөрдү 3-статьяда келтирилген аныктамаларга жана түшүнүктөргө
ылайык "ымыркай балдарга" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Ошондой эле 3-статьяда берилген түшүндүрмөлөрдүн негизинде он алтынчы
абзацтагы "эрте балалык" деген сөздөр "ымыркай" деген сөздөргө алмашты-
рылсын.
3-статьянын алтынчы бөлүгүндөгү "ушундай балдарга жана;" деген
сөздөр маани жагынан тактоо максатында алып салынсын.
Ошондой эле 3-статьянын алтынчы бөлүгүнө ылайык саламаттык сактоо
уюмдарына кандай болбосун балдар үчүн мекемелер (ясли) же ымыркайлар
жана эрте жаштагы балдарды багуу мекемелери таандык кылынган. "Кыргыз
Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына ылайык жогоруда аталган балдар үчүн мекемелер саламат-
тык сактоо уюмдарынын классификациясына кирбээрин белгилеп кетүү зарыл.
Азыктардын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле адамдардын өмүрүн
жана ден соолугун коргоо мамлекеттик милдеттерге таандык болгондугуна
байланыштуу 5-статьяны төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"5-статья. Балдардын жасалма тамак аш азыктарына карата талаптар
1. Балдардын жасалма тамак аш азыктары техникалык регламенттерде,
ал эми аларды пайдаланууга киргизүүгө чейин - Кыргыз Республикасынын
ченемдик укуктук актыларда белгиленүүчү коопсуздуктун талаптарына шай-
кеш келиши керек.
2. Техникалык регламенттердин, ал эми аларды пайдаланууга кир-
гизүүгө чейин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын сак-
талышына көзөмөл жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-
ленген тартипте, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнү камсыз-
доочу аткаруу бийлигинин атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган
тарабынан ишке ашырылат.".
6-статьянын 1-пунктунда "мыйзам" деген сөздү "ченемдик укуктук"
деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
7-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацын 6-статьянын 2-пунктуна ыла-
йык келбестиктен алып салууну же болбосо 6-статьянын 2-пунктун кайра
кароо керек. Ушул эле себеп боюнча 7-статьянын 3-пунктун алып салууну
сунуштайбыз.
7-статьянын 5-пунктун алып салууну сунуштайбыз, анткени балдардын
жасалма тамак аш азыктарын кайсы жерден сатууга уруксат берилгендиги
толук такталган эмес. Аталган азыктарды сатууга тыюу салуу жеке ишкер-
дик жүргүзүүдө гана чек коюлат.
8-статьянын 5-пунктунда "камтыбаган" деген сөздү "камтууга тийиш
эмес".
III главанын аталышында жана 9-статьянын 1-пунктунда "сыйлоо" де-
ген сөздү алып салууну сунуштайбыз. Сыйлоо кандайдыр бир финансылык чы-
гымдарды жана балдарды эмизүүнүн натыйжалуулугун камсыздоочу механизмди
билдирет.
11-статьянын 1-пунктунда "сыйлоо жана колдоо" деген сөздөрдү "про-
пагандалоо" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз. Сыйлоо балдарды
эмизген энелерге финансылык колдоо көрсөтүүнү билдирет. Саламаттык сак-
тоо кызматкерлерин эмизүүгө сыйлоого милдеттендирүү максатка ылайыксыз.
IV глава балдарды эмизүүнү колдоо жана пропагандалоону камсыздоо
боюнча жањы ыйгарым укуктуу орган түзүүнү караштырууда. Кыргыз Респуб-
ликасынын Саламаттык сактоо министрлиги азыркы учурда репродуктивдүү
ден соолук, энеликти жана балдарды коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу
орган болуп эсептелгендиктен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жањы орган
түзүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Мында 12-статьянын 2-пунктунда "мүчөлөрүн түзүү" деген сөздөрдү
алып салууну сунуштайт.
14-статьянын 1-пунктунун 8-пунктчасындагы "министрликтер, мамле-
кеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор" деген сөздөрдү "мам-
лекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Жалпысынан IV главаны мыйзам долбоордон алып салууну максатка ыла-
йык деп эсептейбиз.
Бюджеттин учурдагы тартыштык мезгилинде жана бюджеттик каражаттар-
дын чектелген шартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзам долбоо-
рун ишке ашыруу боюнча иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигинин бюджеттик каражаттарынын чектеринде жүргүзүүнү
сунуштоодо.
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду кир-
гизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча.
1-статьянын биринчи абзацындагы "төмөнкүдөй толуктоолор жана
өзгөртүү" деген сөздөрдү "төмөнкүдөй толуктоо" деген сөздөргө алмашты-
рууну сунуштайбыз.
1-статьянын экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда бе-
рилсин:
"16-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын".
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду
киргизүү тууралуу көрсөтүлгөн мыйзам долбоору менен товарлардын айрым
түрлөрү боюнча негизсиз чектөөлөр киргизилүүдө. "Ишкерлердин укуктарын
коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык
мамлекет менчик түрүнө карабастан ишкерлерге төмөнкүлөрдү гарантиялайт:
финансылык, эмгектик, жаратылыштык, маалыматтык жана интеллектуалдык
ресурстарга жетүүнүн тењ укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн; атаандаштыкты
колдоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү; эл аралык макулдашуулар-
дын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген жеке ишкер субъ-
екттердин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону.
2-статья Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик
жөнүндө кодексинин 30-статьясына ылайык келтирилсин.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 01.02.2001 · № 15
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 116 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон